Асылбек Сатывалдиев айыл чарба министринин орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 08 Июнь 2026 17:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Сатывалдиев Асылбек Владимирович суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.

Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Жаңы орун басарды министрликтин эмгек жамаатына министр Эрлист Акунбеков тааныштырды.

Асылбек Сатывалдиевдин өмүр баяны:

Ал 1981-жылы Сокулук районундагы Белек айылында туулган. Улуту кыргыз, жогорку билимдүү.

2003-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин Агрардык өндүрүштүн экономикасы жана башкаруусу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 2004-жылы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Чүй облусунун Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында адис болуп баштаган. Кийин 2006-жылга чейин жетектөөчү адис жана башкы адис кызматтарын аркалаган.

2006-2008-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинде адис болуп иштеген.

2009-2014-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын агроөнөр жайын өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүндө адис, кийин башкы адис болуп эмгектенген.

2014-2019-жылдары өкмөттүн аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүндө эксперт болуп иштеген.

2019-2020-жылдары Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким кызматын аркалаган.

2021-2022-жылдары Айыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеген.

2022-2023-жылдары президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматын аркалаган.

2023-2025-жылдары Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп иштеген.

2025-жылдын 16-майынан тартып бүгүнкү күнгө чейин президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти болуп эмгектенип келген.

Эске салсак, министрдин мурдагы орун басары Асел Кененбаева өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.