Асыл тукум мал багууга 2 млрд сом насыя 3%дык чен менен берилет – Дүйшеев

Коом Загрузка... 19 Февраль 2026 15:35
WhatsApp Image 2026-02-19 at 13.55.39.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Быйыл “Асыл тукум” программасынын алкагында асыл тукум мал багууга 2 млрд сомдун тегерегинде насыя 3 пайыздык чен менен берилет. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө асыл тукум мал чарбасы статусун алган 180ден ашык чарба бар жана алардын саны жылдан-жылга өсүүдө.

“Бүгүн “Агродиолог” форумунун экинчи күнү мал чарба тармагы боюнча өтүп жатат. Кечээ өсүмдүк өстүрүү багытындагы алдыңкы дыйкандар болушкан. Учурда Кыргызстан боюнча тандалып алынган 20 алдыңкы фермер өз тажрыйбалары жана билими менен бөлүшүүдө. Белгилей кетсек, биз учурда мал чарбачылыгындагы асыл тукумдуулукка басым жасап жатабыз. Мисалы, айрым чарбалар сүт өндүрүүдө жогорку көрсөткүчкө жетишип, жылына бир уйдан 8 тоннага чейин сүт алышкан. Бул өлкө боюнча рекорддук көрсөткүч. Негизи жөнөкөй уйлардан фермерлер 2,-2,2 тоннага чейин сүт алышат”,- дейт Дүйшеев.

Андан тышкары, ал эт багытында да асыл тукум мал баккан фермерлер ийгиликтерге жетишип, өз кирешелерин арттырып жаткандыгын кошумчалады. Ошондой эле айыл чарба тармагын колдоо багытында мамлекеттик программалар иштеп жаткандыгын өз сөзүндө маалымдады.

“Мамлекеттик колдоо тармагына токтолсок, учурда айыл чарба тармагын колдоо боюнча 7-8 мамлекеттик программа иштеп жатат. Быйыл 8 мамлекеттик колдоо программасы иштеп, тармакка 2 - 6 пайыздык насыялар берилет. Андан тышкары, 2025-жылы мал чарбачылыгын колдоо, асыл тукум мал багууну жайылтуу максатында “Асыл тукум” программасын иштеп чыканбыз. Быйыл да бул программанын алкагында асыл тукум мал багуу багытына 2 млрд сомдун тегерегинде насыя 3 пайыздык чен менен берилмекчи. Негизи асыл тукум статусун алган чарбаларга жер берүү, салык тармагында жеңилдетилген субсидиялар сыяктуу бир катар жеңилдиктер каралган”,- дейт ал.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде “Агродиалог” форуму өтүүдө. Өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана кайра иштетүү тармактары боюнча иш-чара үч күнгө белгиленген. Ал эми жыйынтыктоочу күнү 21-февралда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт.