Арменияда парламенттик шайлоо аяктады

Дүйнө Загрузка... 08 Июнь 2026 08:55
c628e4db-c909-475f-84f8-a75ac6aad189.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Арменияда күн мурун кезектеги парламенттик шайлоо аяктады. Анын жыйынтыгы менен өлкөнүн жаңы премьер-министри да аныктала тургандыгын Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө жалпы өлкөдө ачылган 2005 шайлоо участогунда добуштар саналды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат 17:00гө карата шайлоочулардын 48,92 пайызы добуш берген. Өлкөдө добуш берүү укугуна ээ болгон жарандардын саны 2 миллион 503 миң 976 адамды түзөт.

Бул акыркы 9 жыл ичиндеги алгачкы кезектеги парламенттик шайлоо болду. Буга чейинки 2018 жана 2021-жылдардагы шайлоолор мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн. Бул жолу шайлоого 18 саясий күч катышты. Мыйзам боюнча шайлоочулардын катышуусуна минималдуу чек коюлган эмес.

Парламентке өтүү үчүн партиялар 4 пайыздык, ал эми эки же үч партиядан турган блоктор 8 пайыздык босогодон өтүшү керек. Төрт жана андан көп партияны камтыган коалициялар үчүн бул көрсөткүч 10 пайызды түзөт.

GALLUP International Association уюмунун Армениядагы өкүлчүлүгү жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, негизги оппозициялык күчтөр бириккен учурда бийликтеги партиядан көбүрөк добуш топтой алышы мүмкүн.

Сурамжылоого ылайык, учурдагы премьер-министр Никол Пашинян жетектеген “Жарандык келишим” партиясын шайлоочулардын 32,4 пайызы колдоого даяр экенин билдирген. “Күчтүү Армения” партиясы 16,4 пайыз, “Армения” блогу 15,2 пайыз, “Өнүккөн Армения” партиясы 8,8 пайыз жана Арман Татоян жетектеген “Биримдик канаттары” партиясы 6,2 пайыз колдоого ээ болгон.

Ошентип, негизги төрт оппозициялык күчтүн жалпы көрсөткүчү 46,6 пайызга жетиши мүмкүн экени белгиленүүдө.