Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын жогору жагынан шыйрагы сынып табылган "Бемби" аттуу эликтин чаарчыгына операция жасалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Адистердин айтымында, мындан 3 күн мурун жасалган операция ийгиликтүү өткөн.
Маалыматка ылайык, окуя катталган замат министрликтин кызматкерлери тарабынан жаныбарга зарыл болгон ыкчам жардам көрсөтүлгөн. Дарылоо иштерин жүргүзүү максатында ал жапайы жаныбарлардын реабилитациялык борборуна жеткирилип, ветеринардык дарыгерлердин кароосуна өткөрүлүп берилген болчу.
Министрлик жарандарды жапайы жаныбарларга аяр мамиле жасоого, аларды коргоого жана жарадар же жардамга муктаж жаныбарларга туш болгон учурда тиешелүү органдарга өз убагында кабарлоого чакырат.