Апрелде Кыргызстанга 311 млн доллардан ашык акча которулган

Экономика 10 июнь 2025 10:31
Апрелде Кыргызстанга 311 млн доллардан ашык акча которулган

Бишкек 10.06.25 /Кабар/. Апрель айында Кыргызстанга которулган акча каражатынын жалпы көлөмү 311,7 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн - 296,7 млн доллар келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 15 млн доллар которулган.

2025-жылдын апрель айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү 33,7 млн долларды түздү.

Анын 30 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 3,7 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.