Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Алтын валюта резервинин тарыхый рекордго жетиши биринчиден макроэкономикалык туруктуулукту сактоого мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, январь айынын аягына карата алтын валюта резервдеринин көлөмү 10 млрд доллардан ашык сумманы түзүп, чындыгында тарыхый рекордго жетти.
“Алтын валюта резервинин тарыхый рекордго жетиши кандайдыр бир экономикалык тышкы шоктордон да сактайт. Экинчиден биздин өлкөгө боло турган импорттун 8-9 айлык баасын түзөт. Башкача айтканда, кандайдыр бир экономикалык шок болуп, терс көрүнүштөр болгон учурда өлкөнүн 8-9 көз карандысыз бардык импорттордун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жабууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле Улуттук банк резервдерди колдонуп, улуттук валютанын курсунун туруктуулугун дагы камсыз кылат. Башкача айтканда, экономикада, валюталык рынокто олку-солкулар болгон учурда эл аралык резервдерден биз интервенцияларды жүргүзүп, улуттук валютанын курсун ошол резевдердин эсебинен туруктуу кармап турабыз”,- деди Карабаева.
Андан тышкары, резервдердин эсебинен тышкы карызды, өлкөнүн эл аралык уюмдардын алдында болгон милдеттемелерин өз убагында төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк берээрин кошумчалады.