Алмаз Салиев: Бажыдагы бирдиктүү тартип сооданы тездетет

Экономика Загрузка... 26 Март 2026 11:25
1.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 26.03.26 /Кабар/. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын жыйыны тажрыйба алмашуу, кызматташтыкты чыңдоо жана макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Бул тууралуу иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев билдирди.

Анын айтымында, жыйындын күн тартибинде бажылык башкарууну өркүндөтүү жана кызматтардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери турат.

Тактап айтканда, бажы декларациясын толтурууга жана түзөтүүгө бирдиктүү ыкмаларды киргизүү, жол-жоболордун ачыктыгын жана болжолдуулугун жогорулатуу, ошондой эле бажы наркын декларациялоодо жана товарларды классификациялоодо укук колдонуу тажрыйбасын талкуулоо пландаштырылууда.

"Бажы транзитин өнүктүрүүгө, анын ичинде товарларды ташуунун жаңы ыкмаларына, убактылуу алып келинген транспорт каражаттарын көзөмөлдөөгө жана жүктөрдү коштоп жүрүү механизмдерин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат", - деди ал.

Ошондой эле тараптар тобокелдиктерди башкарууга бирдиктүү ыкмаларды колдонуу, нарктык индикаторлорду пайдалануу жана тобокелдик профилдерин түзүү маселелерин карашат. Бул көзөмөлдүн тактыгын жогорулатууга жана административдик тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүндүк берет.

Жыйындын алкагында санариптештирүү тармагында, анын ичинде маалыматтык тутумдарды өнүктүрүү жана электрондук декларациялоо боюнча тажрыйба алмашуу пландалууда.

Салиев белгилегендей, бул жол-жоболорду тездетүүгө, бажы кызматтарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Катышуучулар ошондой эле товарларды, анын ичинде кеңири керектелүүчү продукцияларды, өнөр жай чийки затын жана жогорку технологиялык жабдууларды классификациялоонун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Бул чөйрөдөгү ыкмалардын бирдейлиги бажы төлөмдөрүнүн туура алынышына жана талаштуу кырдаалдардын санын азайтууга түздөн-түз таасир этери баса белгиленди.

Каралып жаткан бардык чаралар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык коопсуздугун чыңдоого, мыйзамдуу соодага көмөктөшүүгө жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Жыйынтыгында Салиев бул жыйын интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жана бажы кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн практикалык чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берерине ишеним билдирди.