Бишкек, 26.03.26 /Кабар/. Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 53-жыйыны өтүп жатат.
Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышууда.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар буга чейин кабыл алынган чечимдердин аткарылышын, ошондой эле бажылык башкаруу жана бажы көзөмөлүнүн актуалдуу багыттарынын кеңири чөйрөсүн карашат.
Ошондой эле товарлардын айрым категорияларын ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасына ылайык классификациялоо тажрыйбасы, товарлар чыгарылгандан кийин декларацияларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле транзиттик декларацияны толтурууну тартипке келтирүүчү актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселелери талкууланат.

Бажы транзитин жана ташууларды уюштуруу ыкмаларын өнүктүрүүгө, ошондой эле жеке колдонуу үчүн товарлардын жана транспорт каражаттарынын жылышына көзөмөлдү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Бажы кызматтарынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүү, техникалык колдоо көрсөтүү жана заманбап санариптик инструменттерди киргизүү маселелерин кароо пландалууда.
Мындан тышкары, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, тобокелдиктерди башкаруу тутумун өнүктүрүү (анын ичинде бирдиктүү нарктык индикаторлорду колдонуу), ошондой эле бажы экспертизасы тармагындагы методикалык сунуштарды актуалдаштыруу боюнча демилгелер талкууланат.