Илхам Алиев Садыр Жапаровду Азербайжанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды

Саясат Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 11:50
WhatsApp Image 2026-07-31 at 11.46.28.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер эң жогорку — союздаштык деңгээлге көтөрүлгөнүн билдирди.

Алиев Кыргызстан тарапка мамлекеттик сапарга чакыргандыгы жана меймандостук көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул визит эки тараптуу кызматташтыкты жаңы баскычка чыгарганын белгиледи.

Анын айтымында, союздаштык мамилелер чоң жоопкерчиликти талап кылат жана тараптар бул жоопкерчиликке даяр.

“Биз мындан ары да бири-бирибизди эл аралык аянтчаларда, соода-экономикалык багытта жана коопсуздукту чыңдоо жаатында колдойбуз”, — деди ал.

Азербайжан президенти белгилегендей, сапардын алкагында кол коюлган документтер эки өлкөнүн кызматташтыгы кеңири тармактарды камтый турганын далилдейт жана жетишилген бардык келишимдер ийгиликтүү ишке ашарына ишеним бар.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан–Азербайжан өнүктүрүү фондунун капиталын эки эсеге — 200 млн долларга чейин көбөйтүү боюнча макулдашты. Алиев бул чечим фонд аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжалуулугу менен байланыштуу экенин белгилеп, алар жаңы өндүрүштөрдү түзүп, жумуш орундарын көбөйтүп жатканын айтты.

Мындан тышкары, ал Ысык-Көл жээгинде Азербайжандын каражатына курулган беш жылдыздуу “Баку” мейманканасынын ачылышы да эки өлкөнүн кызматташтыгынын жыйынтыгы экенин белгиледи.

Ошондой эле эки өлкөнү тарыхый жана маданий байланыштар бириктирерин, гуманитардык кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканын кошумчалады.

Сөзүнүн соңунда Азербайжандын президенти Садыр Жапаровду Азербайжанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.