Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин алкагында "Жыргалаң" курортун куруу боюнча аукцион өтүүдө. Аукциондун экинчи күнүндө 4 лот сатылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктен билдиришти.
Мекеменин маалыматына таянсак, аукциондо сатылган жер тилкелеринин баасы 3 млн сомдон 20 млн сомго чейин болду. Сатылган жерлердин жалпы аянты 2339 чарчы метрди түздү.
Инвесторлор уткан лоттор боюнча айтып өтсөк:
- Беш жылдыздуу мейманкана комплексин куруу үчүн жер тилкеси: жердин аянты – 458 чарчы метр, баасы – 7 млн 863 млн 860 миң сом;
- VIP коттедждерди куруу үчүн жер тилкеси: 216 чарчы метр, баасы – 5 млн 766 миң 336 сом;
- VIP коттедждерди куруу үчүн жер тилкеси: 216 чарчы метр, баасы – 7 млн 545 миң 312 сом;
- 63 чарчы метрди түзгөн 23 даана модулдук үйлөр: 1449 чарчы метр, баасы – 20 млн 781 миң 558 сом.
Белгилей кетсек, “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортундагы жер тилкелеринин аукциону 17-18-июль күндөрү да өтөт. 15-июлда өткөн аукциондун биринчи күнүндө 4 лот сатылган.
“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук аймактын курулушунун биринчи этабын ишке ашыруу максатында “Жыргалаң” тоо-лыжа курортунун төмөнкү бөлүгүндөгү жер тилкелери аукционго коюлган.
Буга байланыштуу атамекендик жана чет элдик инвесторлордун ачык аукционго катышууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Алар жер тилкелерине 3-4-5 жылдыздуу мейманканаларды, коттедждерди, этно-таунхаустарды, ресторан, кафе, SPA-комплекс жана башка коммерциялык объекттерди салышы керек.
Аукционго 6,5 гектарды түзгөн жер аянты коюлууда. 49 лотто 216 чарчы метрден 15 660 чарчы метрге чейинки жер тилкелери бар. Алардын баасы 3 млн 067 миң 200 сомдон тартып 336 млн 960 миң сомго чейин болот. Курулуш объекттерин инвестор 2 жыл ичинде пайдаланууга бериши зарыл.
Жер тилкелери боюнча кененирээк маалыматтар https://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасында белгиленген.
Аукциондон уткан чет элдик инвесторлорго жер тилкелери 49 жылга чейин убактылуу пайдаланууга берилет.
“Ала-Тоо Резорт” тоо кластери экономикалык өсүштү, инфраструктуралык өнүгүүнү жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү, жеке капиталды жана технологиялардын келишин, өлкө бюджетине салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүн камтыган мамлекеттик маанидеги ири долбоор. “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курорту Борбор Азияда эң ири курорттордун катарын толуктамакчы. Анда трассанын узундугу 250 чакырымга жетет. Жыл сайын эс алуу аймагына 2 млн турист келет деп айтылууда. 4600дөн ашык жумуш оруну түзүлөт.