Акыркы жылдары ирригацияны жаңылоого 16 млрд сом бөлүндү – президент

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 16:58
photo_54656406.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Акыркы жылдары ирригацияны жаңылоого 16 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров lV Элдик курултайдын жүрүшүндө билдирди.

Президент өлкөдө суунун 95 пайызы айыл чарбасына жумшаларын эске салып, сууну үнөмдүү пайдалануу мындан ары мамлекеттик саясаттын башкы багыты болорун айтты.

Ал глобалдык климаттын өзгөрүшү суу ресурстарына олуттуу басым жасап жатканын белгилеп, бүгүн дүйнөдө 3,6 млрд адам суу тартыштыгын башынан кечирип жатканын, 2050-жылга чейин бул көрсөткүч 5 млрдга жетерин айтты.

Акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарып, Ысык-Көлдүн деңгээли 1854-жылдан бери дээрлик 14 метрге төмөндөгөн.