Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Акыркы суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 4;
- Ош облусунда – 4;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Ош шаарында – 1;
- Талас облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 1.
Өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.