Аксы окуясында курман болгон жарандар эскерилди

Аймак 1614 17 Март 2025 21:44
5.jpg
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
6.jpg
7.jpg
8.jpg
9.jpg
10.jpg
12.jpg
13.jpg
14.jpg
Алдыга
Артка
5.jpg
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
6.jpg
7.jpg
8.jpg
9.jpg
10.jpg
12.jpg
13.jpg
14.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек,17.03.25./Кабар/. Бүгүн Аксы районунун Кербен шаарынын Боспиек айылында жайгашкан "Шейит мазарда" 2002-жылы орун алган коогалаңда каза болгон жарандар эскерилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, Аксы районунун акими Максат Саргазаков, жергиликтүү тургундар, окуяда жабыркагандар жана каза болгон жарандардын жакындары катышты.

Эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөгөн облус башчысы Тилек Текебаев, президенттин жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары бааланарын белгиледи.

Ал ошондой эле, элдик толкундоо - авторитардык режимге жана келечекке кайдыгер карабаган аксылыктардын чыныгы каармандыгы экенине токтолуп, мамлекетке тынчтык жана гүлөп, өнүгүү каалады.

Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө маркумдардын элесине арналып орнотулган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.

Белгилей кетсек, 2002-жылдын 16-17-март күндөрү орун алган Аксыдагы коогалаңда 6 киши окко учуп, 20дан ашуун жаран жараат алган.