Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушканда, жергиликтүү тургундардын бири уулуна карата мыйзамсыз кылмыш иши козголгонун айтып даттанды.
Ал футбол аянтчасынын курулушу толук бүтө элек болсо да, кабыл алуу актысына уулу кол койгон деп күнөөлөп жатышканын белгилеп, ишти адилеттүү карап чыгууну президенттен өтүндү.
"Кош-Дөбө айылында кичи футбол аянтчасынын курулушу башталган. Иштин 70 пайызы бүтүп, жашыл майсаңын төшөө гана калган. Материалдар келгенде аба ырайы сууктап, иш токтоп калган. Уулум Нарындагы башкармалыктын инспектору болуп иштеп турган кезинде комиссиянын мүчөсү болгон. Подрядчы компания ишти толук бүтүрүп беребиз деп кепилдик берген. Ошонун негизинде комиссия мүчөлөрү документке кол коюп коюшкан. Бирок менин балам кол койгон эмес. Себеби, жетекчиси аны Кочкорго иш сапары менен жиберген. Анан менин баламды "кол койду" деп күнөөлөп коюшту. Менин уулумду кармап, жетекчисин бошотуп жиберишти. Эч кандай кол койбогон уулума мыйзамсыз иш козгошту", - деди ал.
Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга бул ишти териштирип, тактап чыгууну тапшырды.