Ак-Сууда аял өзүн өрттөп каза болду – окуянын чоо-жайы

Кырсык Загрузка... 26 Февраль 2026 11:12
626278475_180451299.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда үрөй учурган окуя катталды. Өспүрүм кызынын кош бойлуу экенин уккан аял өзүн өрттөп, алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-февралда милицияга Ак-Суу айылынын 2009-жылы туулган тургуну (16 жашта) кош бойлуу экени тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталып, өспүрүм кыз суракка алынган.

"Кызды суракка алуу учурунда анын апасы — 1985-жылы туулган М.А. — психологиялык абалына байланыштуу мыйзамдуу өкүл катары катышуудан баш тарткан. Мындан улам сурак Ак-Суу райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын кызматкеринин катышуусунда катышуусунда өткөн", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле күнү саат 21:00 чамасында М.А. үйүнөн чыгып кетип, өзүнө бензин куюп өрттөгөн. Ал Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилгени менен, алган жаракаттарынан улам көз жумган.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Ак-Суу РИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.