Айтматов жөнүндөгү көркөм тасманын тизери тартылууда

Маданият Загрузка... 03 Декабрь 2025 13:28
WhatsApp Image 2025-12-03 at 13.19.03.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.12.25 /Кабар/. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү көркөм тасманын алгачкы тартуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине фильмдин режиссеру жана оператор-коюучусу Каныбек Калматов билдирди.

Анын айтуусу боюнча, алгач коомчулукка фильмдин тизери сунушталат. Атап айтканда, анда кайсы учурларга жана кайсы темаларга басым жасала тургандыгы жөнүндө маалымат берилет.

“Ушул күндөрдө биз тизерди тартып жатабыз. Ошондой эле негизги тартуу иштерине даярдыктар көрүлө баштады. Тасма негизинен жыл мезгилдерине карата блокторго бөлүнүп тартылат”,-деди ал.