Аймактарда “Миң айылга 1000 станция” долбоору ишке ашат

Коом Загрузка... 16 Март 2026 10:15
renewables.max-1920x1080.format-webp.webp

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Жашыл энергетика фонду тарабынан азыркы учурда 82 долбоор боюнча иш жүрүп жатат. Бул тууралуу Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев “Биринчи радиого” билдирген.

Анын айтымында, бул долбоорлордун ичинде 61 чакан ГЭС, 19 күн станциясын жана 2 шамал электр станциясын куруу долбоорлору болуп саналат.

“Андан тышкары, “Миң айылга 1000 станция” деген долбоорубуз ишке киргени турат. Бул долбоордун алкагында Кыргызстандын ар бир айылына бирден станция куруу планы коюлуп жатат. Ошого байланыштуу азыркы тапта жер маселеси каралып, кайсы жерге станция куруу ыңгайлуу деген маселе такталып жатат”,- деди Орозбаев.

Ошондой эле жакын арада ушул долбоор ишке киргенден кийин миң айылда электр станциясы болуп, калк үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болоору кошумчаланды.