Айлык көбөйгөндө дарыгерлердин жетишсиздиги 3 эсеге кыскарды

Коом Загрузка... 21 Январь 2026 18:22
WhatsApp Image 2026-01-21 at 07.46.38.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Айлык көбөйгөндө дарыгерлердин жетишсиздиги 3 эсеге кыскарды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде Тез жардам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, 60 кызматкер жумушка алынган.

Шаяхметов белгилегендей, былтыр президенттин чечими менен Ош жана Бишкек шаарындагы тез жардам кызматкерлеринин маянасы 20 миң сомго жогорулаган.

“Биздин борбордо азыр 210 дарыгер, 365 медайым иштейт. Буга чейин дарыгерлер жетишсиздиги курч болчу. Мурдагы жылы 98 дарыгердин оруну бош эле. Былтыр президенттин чечими менен Ош жана Бишкек шаарындагы тез жардам кызматкерлеринин маянасы 20 миң сомго жогорулаган. Бүгүнкү күндө 32 бош орун бар. Айлык акы көтөрүлгөндөн кийин кадрлардын жетишсиздиги 3 эсеге кыскарды. Шаар боюнча беш бөлүмдө (станция) 22 бригада иштейт, күнү-түнү 42 тез жардам унаасы кызматка чыгат”, - деди ал.