Айлык акынын жогорулашы кадрларды кайра кайтарат – Маматканов

Коом Загрузка... 03 Июнь 2026 12:18
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Өлкөдөгү айлык-маяналардын жогорулашы менен башка кызматка, жеке клиникаларга өтүп кеткен медиктер жана мугалимдер 3 ай ичинде кайра кайтат деген божомол бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов "Ачык кабинет" медиа долбоорунун алкагында "Кабар подкаст" берүүсүнө билдирди.

Анын айтымында, өкүндүргөн маселе – медицина жана билим берүү тармагында иштеп жүргөн кызматкерлердин сыртка чыгып кетиши болууда.

"Бир эле Кыргызстанда эмес, башка мамлекеттердин деле жарандары сыртта иштеп жүрүшөт. Мен ойлойм, бул – нормалдуу көрүнүш. Бирок бизди эмне өкүндүрөт? Өкүндүргөнү – медицина жана билим берүү тармагында иштеп жүргөн кызматкерлердин сыртка чыгып кеткени. Мына, учурда президент тарабынан колдоо болуп, айлык-маяналары жогорулады. Мен ойлойм, акырындык менен биз алардын баарын чакырышыбыз керек. Учурда айлыктар көбөйдү, алдыда 3 айдын ичинде буга чейин башка кызматка, жеке клиникаларга кетип калгандар кайра кайтып келет деген бизде божомол бар", - деди Маматканов