Айгүл Рыскулова ЕЭКтин Эмгек миграциясы департаментин жетектейт

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 18 Март 2026 09:45
WhatsApp Image 2026-03-18 at 09.44.14.jpeg

Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. Айгүл Рыскулова Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу комиссиядан билдиришти.

Айгүл Рыскулова 1995-жылы Эмгек жана социалдык мамилелер академиясын аяктаган.

1981–1995-жылдары өлкөнүн сот системасында иштеген. 1995–2003-жылдары Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде жетекчилик кызматтарда эмгектенген.

2003–2005-жылдары Социалдык фонддо аппарат башчысы жана төраганын биринчи орун басары болуп иштеген. 2005–2010-жылдары эмгек, иш менен камсыздоо жана миграция министри болуп кызмат кылган.

2010–2011-жылдары президенттин кеңешчиси, 2012-жылы өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болгон. 2014–2018-жылдары Бишкек шаарынын вице-мэри жана мэрдин милдетин аткаруучу болуп турган.

2020–2024-жылдары КМШнын Экономикалык кеңешиндеги Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү, Экономикалык маселелер боюнча комиссиянын төрайымы кызматын аркалаган.