Айдап-себүү 60% аткарылды: Агрардык сезонго саресеп

Коом Загрузка... 24 Апрель 2026 18:10
38e71b13-a9d2-4b35-9cfe-52c530bb4bf4.jpg
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда быйылкы жазгы айдап-себүү өнөктүгү өткөн жылга салыштырмалуу эки жумага эрте башталып, Ош облусунун Араван районунда 5-февралда жер айдоо иштери башталган. “Жаз жарыш, күз күрөш” дегендей аба ырайынын ыңгайлуулугу жана даярдыктын эрте көрүлгөнү дыйкандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн бардык облустарында айыл чарба жумуштары 55-60%га аткарылып, май айынын аягы менен айдап-себүү иштери толук аяктарын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү башкармалыгынын башчысы Турат Идрисовдун “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. Министрликтин өкүлүнүн маалыматтарына таянып, өлкөдөгү айдап-себүү өнөктүгүнүн жүрүшүнө жана алгачкы түшүм жыйноо иштерине саресеп салабыз.

Быйылкы айдап-себүү иштери

Быйыл Кыргызстан боюнча жалпы айдап-себүүдөгү жер аянтынын көлөмү болжолдуу 1 млн 250 миң гектарды түзөт. Бүгүнкү күнгө карата жаздык дан эгиндерин айдап-себүүнүн аянты 295 миң гектар болуп, жалпы көлөмдүн 57%ын түздү.

Азыркы мезгилге карата айдап-себилген өсүмдүктөр жана алардын жылдык пландан аткарылган көлөмү:

  • Дан өсүмдүктөрү: 66 миң гектар буудай (66%), 167 миң гектар арпа (67,9%), 62,2 миң гектар жүгөрү (55,9%);
  • Техникалык өсүмдүктөр: 18,4 миң гектар жерге картошка (27%), 10,9 миң гектар кант кызылчасы (75%), 600 гектар пахта (17%);
  • Мөмө-жемиштер: Республика боюнча кулпунай 2,1 миң гектар, учурга карата жаңы 20 гектар айдалды.
  • Жашылча 22 миң гектар (50%), май өсүмдүктөрү 5,7 миң гектар (38%) жана бакча өсүмдүктөрү 1,3 миң гектар (16%) жерге айдалган.

“Учурда түштүк аймактарда аз көлөмдө кулпунай бышып, ички сатууларга жана акырындык менен экспортко чыга баштады. Жакынкы 1-2 жуманын ичинде массалык түрдө бышып, сатыкка чыгат. Негизинен суроо-талапка жараша Россия жана Казакстанга экспорттолууда. Андан тышкары, пахта менен катар күрүч себүү иштери өз мөөнөтүндө башталууда”,- деди Идрисов.

Белгилей кетсек, Чүйдүн Жайыл районунун базарларында быйылкы жылдын алгачкы кулпунайы сатыкка чыкса, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Жаңы Достук айылында эрте бышкан бадыраңдын түшүмү жыйналып, суроо-талап жогору болуп жатканы маалымдалган.

Мамлекеттик колдоо: дотация жана ресурстар

Дыйкандарды колдоо максатында үрөн, күйүүчү май менен камсыздоодо мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралууда. Учурдагы үрөн менен камсыздоонун көлөмү:

  • Үрөн: Дан-эгиндер (буудай, арпа 98%), жүгөрү (95%) жана картошка (99%), кант кызылчасы (60%), эспарцет беде чөбү (95%), башка өсүмдүктөр 100%. Учурга карата 1 миң 826 дыйкан 30%дык дотация менен үрөн алган.
  • Күйүүчү май: Жылына айыл чарба иштерине 56 миң тонна күйүүчү май керектелсе, 42 миңи дизелдик отун, 12 миңи бензин. Анын ичинен 20%ды түзгөн 7 миң тоннасы райондорго бөлүнүп, жеңилдетилген баа менен 74 сомдон сатылууда.
  • Жер семирткичтер: Бир жылга 182 миң тонна керектелсе, 140-150 миң тонна ташылып келет. Анын 52 миң тоннасы ташылып келип, жерге себилди. Азыр өлкөдөгү 40тан ашык сатуу пункттарында 4,5 миң тоннадай жер семирткич турат. Жер семирткич 80% Өзбекстандан, 20% Россия менен Казакстандан импорттолот.
  • Айыл чарба техникасы: Жалпы Кыргызстан боюнча 90 миңден ашык айыл чарба техникалары бар. Анын ичинде 22 миң 300 трактор жана керектүү айыл чарба шаймандары жазгы айдоо иштерине тартылган. Негизинен бүгүнкү күндө 60-70% техника жаңыланган.

Жаңы технологиялар жана түшүмдүүлүк

Айыл чарбасындагы башкы максат — чыгымдарды азайтып, түшүмдү жогорулатуу. Жаңы технологияларды колдонуу менен үрөн себүү ченемдери гектарына 250-300 кг ордуна 150 кг чейин кыскарды.

Маалымдалгандай, дыйкандарга жерди туура пайдалануу менен жылына 2-3 жолу түшүм алуу сунушталууда. Мисалы, былтыр Чүй облусунда 800 гектар жерге экинчи ирет силос үчүн жүгөрү жана сабиз эгилип, натыйжалуулугун көрсөткөн. 2025-жылы Кыргызстанда помидордун түшүмдүүлүгү гектарына 120 тоннага жетип, дүйнөлүк рекорд жаратты. Ошондой эле сабиз (90 т/га) жана пияз (57 т/га) боюнча жогорку көрсөткүчтөр катталган.

Экспорттук потенциал жана кооперация

Өсүмдүк өстүрүү башкармалыгынын башчысы Турат Идрисовдун айтымында, министрлик майда дыйкан чарбаларын кооперацияларга бириктирүү аракетин көрүүдө. Бул ири көлөмдөгү продукцияны топтоп экспорттоого, логистикалык борборлорду курууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жол ачат.

Сугат иштери жана аба ырайынын шарты

Негизи Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө да климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жылдан-жылга суу тартыштыгы жаралууда. Жаандын жаашы, суунун жетиши боюнча синоптиктерден алган маалымат боюнча алдын ала божомолдор жакшы. Аба ырайы да былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу жаан-чачындуу экендиги белгиленген. Министрлик сууну үнөмдөө үчүн тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмаларын сунуштоодо, бул үнөмдөө менен катар түшүмдүүлүктү да жогорулатмакчы.

Жыйынтыктап айтсак, 2026-жылдын жазгы талаа иштери ийгиликтүү башталып, ортолоп калган учуру. Айыл чарба техникаларынын жаңыланышы, үрөн жана жер семирткичтер менен камсыздоо түшүмдүүлүктү артыруунун негизин түзмөкчү. Бул быйылкы жылы да азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана экспортту арттырууга негиз болот.