Айбек Жунушалиев Бишкек шаарындагы эң чоң көйгөйдү атады

Коом Загрузка... 20 Январь 2026 17:35
Aybek_Dzhunu.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы эң чоң көйгөй жол тыгыны экенин калаа башчысы Айбек Жунушалиев “Кабар подкастка” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акыркы маалымат боюнча борбордо 460 миңден ашык автоунаа бар.

“Мен 2,5 жылдын ичиндеги ишимде байкаганым, жолду кеңейтип оңдоп жатат, туура кылып жатат дегендер өзүнө келгенде кайра туура эмес деген пикирлерин айтып чыгышат. Жол тыгыны боюнча да маселе ушундай. Бир эле чечим, иш-аракет менен жол тыгыны көйгөйүн чечүү мүмкүн эмес”,- деди мэр.

Жолдор кеңейтилгени менен жол тыгыны маселеси чеилбей турганын шаар башчысы танган жок.

“Жолдорду кеңейткенибиз менен жол тыгыны маселеси чеилбей турганы анык. Жолдорду кеңейтүүдөгү максатыбыз жолдорго көп унааны батыруу эмес. Көчөлөрдү убагында сакталбай калган эрежелерге, шаардын башкы планынын алкагына алып келүү”,- деди ал.