Агросектордогу аялдарды колдоо механизмдери иштелип чыгат – Акимжанова

Коом
Агросектордогу аялдарды колдоо механизмдери иштелип чыгат – Акимжанова
copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда айыл чарба тармагында иштеген аялдарды бириктирип, алардын ишкерлигин өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында “Агро айым” кыймылы түзүлдү. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Рыскүл Акимжанова Бишкек шаарында өтүп жаткан “Айыл чарбасындагы аялдар: жетишкендиктерден жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай” форумунда “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жеңилдетилген насыялоо программаларынын алкагында 10 миң 750 субъект каржылык колдоого алынган. 19-ноябрга карата программалардын бюджетинин такталган көлөмү 12 млрд 643,3 млн сомду түзүп, каржылоонун жалпы суммасы 13 млрд 273,3 млн сомго жеткен.

“Айыл чарба тармагында эмгектенгендердин 40 пайызы аялдар. Жакында “Агро айым” кыймылын түзүп, агросектордо иштеген аялдардын бардыгын бир аянтчага чогултууну көздөп жатабыз. Алардын көйгөйлөрүн угуп, сунуштарын талдап, жер, каржы, билим алуу, рынокторго жана экспортко чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө жетүүсүнө көмөктөшөбүз. Бул үчүн тиешелүү механизмдерди иштеп чыгып, аялдардын ишкерлигин ар тараптан колдойбуз”, — деди Рыскүл Акимжанова.

Ошондой эле ал аял фермерлер чакан чарба жүргүзгөнүнө карабастан, лизинг аркылуу ири же чакан айыл чарба техникасын, кичи өндүрүшкө керектүү жабдууларды алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Техниканын көлөмүнө карата чектөө жок, ал эми каржылоонун айрым талаптары Улуттук банк тарабынан аныкталат.