Бишкек, 25.11.26. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 1-курстарын студенттикке кабыл алуу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Иш-чарада илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова жана университеттин ректору Нурзат Тотубаева сөз сүйлөп, студенттерди жаңы окуу жашоосунун башталышы менен куттукташты.
Салтанаттын алкагында окууда жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн алдыңкы студенттерге Григорий Балян атындагы стипендиялар тапшырылып, университеттин ардактуу профессорлору сыйланышты.
Майрамдык кече филармониянын артисттеринин жана таланттуу студенттердин катышуусундагы концерттик программа менен коштолду.