Аэропорт кызматкерлеринин жүрүм-турумуна көзөмөл күчөтүлөт - "Кыргызстан аэропорттору"

Коом Загрузка... 13 Февраль 2025 13:24
49840220_1949580035157403_7002426263201644544_n.jpg
copyright icon www

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. "Кыргызстан аэропорттору" ААКсы кызматкерлердин жүрүм-турумуна көзөмөлдү күчөттү.

Ведомстводон билдиришкендей, «Кыргызстан аэропорттору» ААКсы кесиптик жүрүм-турум жана бизнес этикасынын стандарттарын катуу сактайт. Муну менен катар, ЖАО «КММ»нын Р.Б. аттуу кызматкеринин туура эмес жүрүм-турумуна байланыштуу болгон окуяга байланыштуу жумуш ордунда дисциплинардык чаралар көрүлгөнү белгиленди.

Эске салсак, аталган кызматкер жумуш учурунда социалдык түйүндөрдө түз эфир жүргүзүп, корпоративдик этика нормаларына туура келбеген жүрүм-турумга барган. Бул иш-аракеттер компаниянын жана анын кызматкерлеринин беделине зыян келтиргендиктен, аны менен эмгек келишимин токтотуу чечими кабыл алынган.

"Аэропорттун бардык кызматкерлерине мындай аракеттерге жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кесиптик жүрүм-турум стандарттарын сактоо боюнча ички көзөмөл чаралары күчөтүлдү.

«Кыргызстандын Аэропорттору» ААКсы ишкердик репутациянын жогорку стандарттарын сактоону улантууда жана бардык кызматкерлерди өздөрүнүн кесиптик милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат», — деп айтылат билдирүүдө.