Бишкек 29.03.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы–президенттик администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев аталган кызматтарга киришкенине 100 күн толду. Ал 2024-жылдын 18-декабрында дайындалган. Бул тууралуу төрага "Слово Кыргызстана" гезитине берген маегинде кеңири токтолгонун Улуттук телерадио корпорациясы белгиледи.
Бул мезгил төрага үчүн алгачкы жыйынтыктарды чыгаруучу жана андан аркы милдеттерди аныктоочу маанилүү этап болгон.
Анда өкмөт башчынын “Жаны кызматка киришкен күнү эле, президент менин алдымдагы негизги милдетимди белгиледи. Бул мамлекеттик системаны - тездетилген глобалдык атаандаштыкка, өзгөрүп жаткан геосаясатка, технологиялык жетишкендиктерге толук шайкеш келтирүү болчу. Күн мурун эле 45 маселе боюнча чечим жактырылды. Ал 36 ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана бюрократиядан арылтуу боюнча чаралардын биринчи пакетинин негизин түзгөн онго жакын системалык тапшырмаларды камтыйт. Биз өлкө кагаз жүзүндө эмес, реалдуулукта атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керектигин билебиз. Ал эми бул башкаруунун сапаттык жактан башка денгээли - тартиптүү, мотивациялуу кесипкөй жана чынчыл болушу керек. Процесттерге аудит жүргүзүлдү. Макулдашуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрдүк, чечимдердин аткарылышына көзөмөлдү күчөттүк. Ички документтерди жана отчеттуулукту санарнитештирүүнү баштадык. Кабинеттен эмес, жер-жерлерде реалдуу кырдаалды көрүү үчүн көчмө форматтарды активдештирдик”, - дегени айтылат.

Өкмөт башчынын алдына коюлган тапшырмаларынын негизгиси - өлкөнүн экономикалык өнүгүү темпин 9-10%дан түшүрбөй кармап туруу. Алдын ала жыйынтык боюнча, ушул жылдын январь-февраль айларында өлкөнүн экономикалык өсүш темпи 10,7%га өскөн. Дагы бир мидети - кошумча жумушчу орундарынын түзүү, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, президенттин долбоорлорун ишке ашыруу эле.
"Бул үчүн биз 128 өнөр жай обьектисинин тизмесинин түздүк, алар ушул жылы пайдаланууга берилиши керек. Бул жөн гана имараттарды куруу эмес, толук кандуу өндүрүш циклин баштоо. Мен жеке өзүм бул обьектилердин ар бири үчүн жоопкерчиликти Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө бөлүштүрдүм. Азыр менин бардык орун басарларым, ар бир министр, агенттиктин ар бир башчысы конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жекече жооп беришет. Ар бир обьект менин жеке көзөмөлүмдө, региондорго болгон ар бир сапарымда мен биринчи кезекте ошол объектилерге барып, алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөйм", - деген ал.
Төрага ошондой эле Кыргызстандын ички рыногунда жасалып жаткан маанилүү кадамдарга токтолгон.
"Биз салык механизмдерин, атап айтканда, товардык-транспорттук коштомо колдонуу тартибин кайра карап чыктык. Айрыка чакан бизнес үчүн патент тутумуна кайтып келебиз. Жүз миңдеген кыргызстандыктар базарларда үй-бүлөсүн багып жатканын биз жакшы түшүнөбүз. Өкмөт алардын жашоосун татаалдаштырууну каалабайт. Биз салыктардын төлөнүшүн каалайбыз - бирок ынгайлуу ачык-айкын жана ашыкча бюрократиясыз болсо дейбиз. 100 сом салыкты төлөө үчүн адам бир нече саатын жана нервин коротпошу керек. Биз буга жол бербейбиз. Башкаруу акылга сыярлык жана экономикалык жактан натыйжалуу болушу зарыл”, - деген ал.
Маалыматта терага Адылбек Касымалиевдин жакында АКШга иш сапары менен баруусу, Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун жыйынтыктарына катышуусу пландалып жатканы айтылат. Алдыга жылдыра турган маселелердин бири - Камбар-Ата-1 ГЭсин куруу долбоору болуп саналат.