Адылбек Касымалиев: Туризм тармагы экономикага туруктуу салым кошо баштады

Министрлер кабинети 23 Октябрь 2025 12:12
68f8d84a54c32-thumb.jpeg
68f8d84b1bac6-thumb.jpeg
68f8d84b57120-thumb.jpeg
68f8d84bb4f11-thumb.jpeg
68f8d84bee02a-thumb.jpeg
68f8d847d4673-thumb.jpeg
68f8d848cf7ee-thumb.jpeg
68f8d849a34c4-thumb.jpeg
68f8d8488e668-thumb.jpeg
68f8d84773a1a-thumb.jpeg
68f8d8499813e-thumb.jpeg
68f8d84739979-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68f8d84a54c32-thumb.jpeg
68f8d84b1bac6-thumb.jpeg
68f8d84b57120-thumb.jpeg
68f8d84bb4f11-thumb.jpeg
68f8d84bee02a-thumb.jpeg
68f8d847d4673-thumb.jpeg
68f8d848cf7ee-thumb.jpeg
68f8d849a34c4-thumb.jpeg
68f8d8488e668-thumb.jpeg
68f8d84773a1a-thumb.jpeg
68f8d8499813e-thumb.jpeg
68f8d84739979-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жана туризм жаатындагы бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдө туризм тармагы экономикага туруктуу салым кошо баштаганына токтолуп, 2025-жылдын 1-жарым жылдыгында туризмдин дүң кошумча наркы 30,18 млрд сомго жетип, ИДПнын ичиндеги үлүшү 4,3%ды түзгөнүн белгиледи. Ошондой эле туризм кызматтарынын экспорту – 529,5 млн долларды, импорту – 283,9 млн долларды түзгөнүн, салыктык түшүүлөр 8,486 млрд сомго жеткенин кошумчалады. 

“Учурда өлкөдө инфраструктуралык ири долбоорлор башталды. “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа курорту ишке ашууда; бүт аймактар боюнча аэропорттор масштабдуу модернизацияланууда”-деген Адылбек Касымалиев, автосаякатчылардын ыңгайлуулугу үчүн Рест-Пойнттор маселесин карап чыгуу зарылчылыгын белгиледи. 

Жыйында негизинен алты маселе каралып, анын ичинен туризм тармагынын 9 айдагы жыйынтыгы чыгарылды. Жетишкендиктер менен кошо кемчиликтер белгиленди. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев туризм тармагында жыл бою иштеген багыттарды – кышкы туризмди, туризм тармагындагы чакан бизнести, үй-бүлөлүк бизнести колдоо, жеке инвестицияларды стимулдаштыруу жана  жаратылышты коргоо жана туристтерде экологиялык маданиятты калыптандыруу боюнча чараларды күчөтүү тапшырмасын койду. 

Ошондой эле тейлөө сапатын жакшыртуу, анын ичинде туризм тармагындагы дасыккан адисттерди даярдоого өчгөчө көңүл бурулду.