Адылбек Касымалиев Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолукту

Министрлер кабинети 6 сентябрь 2026 20:25
Адылбек Касымалиев Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолукту
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 06.09.26. /Кабар Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолукту.

Анда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев маектешинин сапары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жатканы символикалык мааниге ээ экенин белгиледи.

Ал ошондой эле 2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даярдык көрүүдө Кыргызстан топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. 

Ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий кызматташтык маселелери сүйлөшүлүп, өз ара ишкердик сапарлар тажрыйбасын улантууну, ишкерлердин ортосундагы түз байланыштарды чыңдоону жана келечектүү инвестициялык демилгелерди биргелешип илгерилетүүнүн маанилүүлүгү айтылды.  

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатындагы биргелешкен демилгелерге токтолушуп, мындан ары айлана-чөйрөнү коргоо жана бул багытта кызматташуу жигердүү уланаары сүйлөштү.

Мындан тышкары, билим берүү, маданият, илим, жаштар саясаты жана спорт тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, бул эки элдин ортосундагы салттуу достук байланыштарды жана өз ара ишенимди мындан ары чыңдоого салым кошоору сүйлөшүлдү.