Минкаб төрагасы Оштогу борбордук базардын курулушун көрдү

Министрлер кабинети Загрузка... 23 Май 2025 14:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы

Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында борбордук базардын курулушу менен таанышты.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, жалпы 6,7 гектар жерге курулуп жаткан борбордук базарда 2400 орундуу соода жайы болот. Жалпы суммасы 550 млн сомго курулган бул базар быйыл ишке берилет. 

Долбоордун негизги максаты – Ош шаарындагы сооданы жаңы, заманбап форматта уюштуруу, логистикалык инфраструктураны өркүндөтүү жана сатуучуларды бардык шарттар менен камсыз кылуу. Ошондой эле, талапка жооп бербеген Ош шаарындагы эски борбордук базарды шаардын четине көчүрүү жана жаңы "Индустриялык-логистикалык соода борборун" түзүү.