Бишкек, 13.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосундагы кайра курула турган олимпиадалык бассейндин абалы менен таанышты.
Анда маалым болгондой, аталган бассейн 1974-жылы курулган. 2000-2010-жылдары имарат жараксыз абалга келип, быйылкы жылы текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин сейсмикалык жактан туруктуу эмес деп табылган.
Долбоордун негизинде ал кайрадан куруу алдында турат. Жалпы аянты 14 миң 500 чарчы метр. Көлөмү 50х20 метр. Тереңдиги 2-3 метрдин тегерегинде. Бассейндин имараты 3 кабаттан туруп, сыйымдуулугу 2 миң адам.
Белгилей кетсек, “Ачык кабинет” долбоору мамлекеттик органдардын таңдан баштап кечке чейинки иш күнүн ачык көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Бүгүн Адылбек Касымалиев Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдөгү бир нече объектилерди кыдырды.