Адылбек Касымалиев Google өкүлдөрү менен өнөктөштүк маселелерин талкуулады

Министрлер кабинети 3315 12 Февраль 2025 18:00
67ac8370c5cf4-thumb.jpeg
67ac832cb7811-thumb.jpeg
67ac839ab5f16-thumb.jpeg
67ac8360d80c0-thumb.jpeg
67ac8386c1f52-thumb.jpeg
67ac8399c6a5e-thumb.jpeg
67ac83956e42a-thumb.jpeg
67ac837137f85-thumb.jpeg
67ac838639c05-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67ac8370c5cf4-thumb.jpeg
67ac832cb7811-thumb.jpeg
67ac839ab5f16-thumb.jpeg
67ac8360d80c0-thumb.jpeg
67ac8386c1f52-thumb.jpeg
67ac8399c6a5e-thumb.jpeg
67ac83956e42a-thumb.jpeg
67ac837137f85-thumb.jpeg
67ac838639c05-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумуш сапарынын алкагында Google технологиялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.  

Жолугушууга Google компаниясынын билим берүү боюнча глобалдык директору Тимоти Паолини жана компаниянын башка өкүлдөрү катышты.  

Минкаб төрагасы санариптештирүү мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири экенин, Google сыяктуу технология лидерлери менен кызматташуу өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.  

Адылбек Касымалиев министрлер кабинети билим берүү системасын модернизациялоого жана билим берүү процессине санариптик технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Бул багыттагы маанилүү кадам 2024-жылдын апрель айында Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Google Ireland Limited” компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу болду.  

Google компаниясынын өкүлдөрү мындан аркы кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү системасын санариптик трансформациялоо жаатындагы өнөктөштүк маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл IT-тармагында жумуш орундарын түзүү, стартаптарды колдоо, санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук жаатында адистерди даярдоого бурулду.