Бишкек, 15.08.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин (ЕӨАК) кеңейтилген жыйынында сөз сүйлөдү.
Министрлер кабинетинин башчысы өз сөзүндө кыргыз жергесинде, Евразиянын бермети болгон - Ысык-Көл жээгинде жыйындын катышуучулары менен саламдашты.
Министрлер кабинетинин башчысынын сөзүнүн тексти:
“Ысык-Көл жээгинде салттуу жолугушууларыбызды жандандырып жатканыбыз кубандырат. Биздин иш-чараларыбызга катышып, Евразиялык экономикалык интеграциянын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоого келип катышып жаткандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Урматтуу кесиптештер,
Өткөн он жылдык биз үчүн ар кандай мүнөздөгү окуяларга бай жана оңой болгон жок. Соодадагы протекционизмди жана санкциялык чараларды күчөтүү боюнча глобалдык процесстер уланууда, бул өз кезегинде финансылык рыноктордун бөлүнүп-жарылышына, товарларды жеткирүүнүн салттуу чынжырларынын бузулушуна, чийки зат жана азык-түлүк товарларына баалардын өсүшүнө алып келүүдө.
Ушундай оор шарттарда биздин өкмөттөрдүн биргелешкен аракеттери, тараптардын тыгыз кызматташтыгы жана бизнес коомчулугунун активдүү катышуусунун аркасында Биримдиктеги экономикалык өсүштүн туруктуу тенденциясын сактоого мүмкүн болду.
Ошентип, ЕАЭБ түзүлгөндөн бери 10 жылдын ичинде биздин Биримдиктин ички дүң продукциясы 18 пайызга өсүп, 2,5 триллион АКШ долларынан ашты.
Ошону менен бирге өнөр жай өндүрүшү дээрлик 30 пайызга, айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн көлөмү 25 пайызга өстү, ал эми Биримдиктеги өз ара соода 2 эседен ашык өстү.
Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын ИДПсы реалдуу түрдө 1,5 эсеге, ал эми жан башына ИДП эки эсеге өстү.
Бул убакыттын ичинде биз ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара сооданын көлөмүн эки эсеге көбөйттүк. Өлкөнүн өнөр жай өндүрүшү 55 пайызга, ал эми айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 23 пайызга өстү.
Албетте, туруктуу экономикалык өсүш көрсөткүчтөрү биздин өлкөлөрдөгү туура мамлекеттик экономикалык жана акча-насыялык саясаттын натыйжасы гана эмес, ошондой эле экономиканын бардык тармактарында динамикалуу өнүгүп жаткан соода-экономикалык жана кооперациялык кызматташтыктын натыйжасы болуп саналат.
ЕАЭБ органдарынын деңгээлинде өз убагында кабыл алынган чаралар кошумча оң натыйжа берди.
Өнөр жай кооперациясы, бажы-тарифтик жана техникалык жөнгө салуу, тармактык кызматташтык жана Биримдиктин өнүгүшүнө таасир этүүчү башка тармактарда бир катар чечимдер иштелип чыгып, кабыл алынды.
Мында Өкмөттөр аралык кеңештин, Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын жана Кеңешинин алкагында натыйжалуу иштеген кесиптештерибизге ыраазычылык билдиргим келет.
Урматтуу достор!
10 жылдын ичинде ЕАЭБ дүйнөлүк экономиканын түзүлүшүндө маанилүү экономикалык өнүгүү борбору катары калыптанды.
Буга активдүү өнүгүп жаткан эл аралык кызматташтык далил: 4 өлкө байкоочу мамлекет статусун алды, 7 соода келишимине кол коюлуп, анын ичинен экөө - Монголия жана Бириккен Араб Эмираттары менен - үстүбүздөгү жылдын июнь айында Жогорку кеңештин алкагында кол коюлду.
Ошондой эле Комиссия ондогон өлкөлөр жана негизги эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер менен кызматташууну формалдаштырды.
Бул контекстте Евразиянын негизги интеграциялык жана мамлекеттер аралык бирикмелери – ШКУ, АСЕАН, КМШ менен системалуу диалогду өнүктүрүүгө, ошондой эле башка макрорегиондордогу, анын ичинде Африка союзу менен өнөктөштөр менен кызматташууга көңүл буруу маанилүү.
Климаттык күн тартибинин маселелери да маанилүү.
Бүгүн биз ЕАЭБ алкагында климаттык күн тартибин жөнгө салуу маселелери боюнча мамилелерди ишке ашыруу жөнүндө докладды кабыл алуудабыз.
Ошол эле учурда, бул тармакта ыктыярдуу мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууда, мындай стандарттардын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жана туруктуу өнүгүү жаатындагы артыкчылыктардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен улуттук шарттарга ийкемдүүлүгүн жана ыңгайлашуусун камсыз кылуу маанилүү деп эсептейм.
Урматтуу жыйындын катышуучулары,
Быйыл 2020-жылы кабыл алынган 2025-жылга чейинки Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун акыркы жылы.
Мен биримдиктин өнүгүүсүнүн жогорку көрсөткүчтөрүн камсыз кылууга мүмкүндүк берген Стратегиянын алкагында бир катар негизги милдеттердин жана чаралардын ишке ашырылышын канааттануу менен белгилеп кетким келет.
Ошол эле учурда жылдын аягына чейин комиссия биздин өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен биргеликте Стратегияда белгиленген бардык максаттарга жетүүнү жана бардык милдеттерди ишке ашырууну камсыз кылышы керек.
Албетте, объективдүү себептерден улам 2025-жылдын аягына чейин бүтпөй турган милдеттер бар. Аларды ишке ашыруу боюнча иштерди кийинки беш жылдык мезгилде улантуу зарыл деп эсептейм.
“Евразиялык экономикалык жол” декларациясынын контекстинде биз жетишкендиктерди сактап калуу менен гана чектелбестен, жаңы доордун чакырыктарына жооп берген туруктуу жана тең салмактуу өнүгүү моделин биргелешип түзүшүбүз керек.
Дүйнөлүк экономикадагы олуттуу трансформация процесстерин эске алуу менен 2030-жылга карата ЕАЭБ жогорку экономикалык-технологиялык өнүгүү деңгээлин жана мүчө-мамлекеттердин калкынын жыргалчылыгын колдогон көп уюлдуу дүйнөнүн гармониялуу өнүккөн уюлуна айланышына жетүүгө умтулушубуз керек.
Урматтуу кесиптештер,
Менин оюмча, биздин биргелешкен өнүгүүбүздүн айрым маанилүү аспектилерин кыскача айтып кетүүгө уруксат этиңиздер.
Биринчиден, чакан экономикасы бар өлкөлөрдө ишке ашырылып жаткан өнөр жай кооперациясынын биргелешкен долбоорлорун каржылоо боюнча тандоонун айрым шарттарын жумшартуу жагына карап чыгышыбыз керек. Буга биздин президент, урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаров жакында Минск шаарында өткөн Евразиялык экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүндө көңүл бурган.
Буга байланыштуу, Комиссияга тараптардын өкмөттөрү менен биргеликте келип түшкөн долбоорлорду кароонун тажрыйбасын эске алуу менен технологиялык жабдууларды, материалдарды жана тетиктерди жеткирүү критерийлери, кооперациялык долбоорго катышкан өлкөлөрдүн катышуучуларынын минималдуу санына карата талаптар, субсидиялоону каржылык жабуу үлүшү жана башка ченемдер боюнча иштеп чыгууну сунуштайм.
Экинчиден - кең Евразиянын бирдиктүү транспорттук-логистикалык мейкиндигин түзүү жана аны эл аралык транспорттук коридорлорго киргизүү темпин төмөндөтпөө маанилүү.
Анткени, транспорт ар кандай экономикалык ресурстарга – чийки затка, күйүүчү майга, азык-түлүккө, өнөр жай товарларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын мобилдүүлүгүнө өбөлгө түзөт.
Эл аралык логистика системасында туруктуулукту мындан ары камсыз кылуу максатында, биз ЕАЭБдин артыкчылыктуу инфраструктуралык интеграциялык долбоорлорун ишке ашырууга механизмдерин аныктоо менен киришүүбүз керек.
Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы транспорттук артериялардын биригишин жана өз ара толукталышын камсыз кылуу менен, анын ичинде мультимодалдык маршруттарды бириктирүү аркылуу биз кошумча жүк агымдарын тартууну камсыздап, экономикаларыбыздын өнүгүшүндө синергетикалык натыйжага жетише алабыз деп эсептейм.
Ошол эле учурда биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын өнүктүрүү бул процессте маанилүү ролду ойнойт.
Эксперттердин эсептөөлөрү боюнча чек арада кечигүүлөрдү 50% кыскартуу экспорттун 20% га өсүшүн камсыздайт.
Товарлардын эркин жүрүү принцибин камсыз кылуу менен бирге, биз алардын жүрүү ылдамдыгын да унутпашыбыз керек.
Үчүнчү. Физикалык инфраструктураны өнүктүрүү менен бирге, санариптик инфраструктураны да өркүндөтүшүбүз керек.
Бирок, бул потенциалды ишке ашыруу үчүн биз зарыл болгон ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек.
Биз экономикабызды "актоого", бизнестин транзакциялык чыгымдарын олуттуу азайтууга жана ортобуздагы ишенимди жогорулатууга мүмкүндүк берген бирдиктүү санариптик мейкиндикти андан ары өнүктүрүүнүн үстүндө ишти күчөтүшүбүз керек.
Айтмакчы, күн тартибинин алкагында бажы кызматташтыгы боюнча бир нече маселелерди карап чыгып, бажы жол-жоболорун санариптештирүүнүн аркасында оң натыйжаларды көрүүдөбүз.
Жогоруда белгиленген сунуштар менен бирге, бирдиктүү эмгек рыногун түзүү маселеси да маанилүү.
Дүйнөдө эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн деңгээли экономикалык өнүгүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Экономикалык өсүш шартында биздин өлкөлөр ар кандай чектөөчү факторлордун фонунда эмгек ресурстарынын, айрыкча жогорку квалификациялуу адистердин жетишсиздигин сезип жатышат.
Евразиялык интеграциянын максаттарынын бирин ишке ашыруу үчүн түзүлгөн шарттар – ЕАЭБ ичинде эмгек ресурстарынын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу, жана бул чоң жетишкендик болуп саналат.
Кыргызстан эмгектин бирдиктүү рыногун өркүндөтүүгө, адистердин квалификациясын жогорулатууга жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн натыйжасы катары багытталган бардык демилгелерди колдойт.
Сөзүмдүн соңунда, ишибиздин жемиштүү болушун кааларымды жана бул үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр экенибизди билдирем”.