Адылбек Касымалиев БАЭнин экономика министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Министрлер кабинети 2394 12 Февраль 2025 16:56
67ac78954e7ce.jpeg
67ac789700554.jpeg
67ac789dc913d.jpeg
67ac789e23388.jpeg
Алдыга
Артка
67ac78954e7ce.jpeg
67ac789700554.jpeg
67ac789dc913d.jpeg
67ac789e23388.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек,12.02.25./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри, Кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Абдулла бин Тук Аль-Марри менен жолукту.  

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелери, экономиканын келечектүү багыттары, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана соода байланыштарын мындан ары өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн перспективалары талкууланды. 

Ошондой эле, тараптар Кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги үчүнчү жыйынын ушул жылы Бишкекте өткөрүүнү макулдашышты.   

Мындан тышкары, эмират тарап Бишкекте өтө турган “Борбор Азия жана Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” форматындагы инвестициялык форумга катышаарын ырастады.