Адылбек Касымалиев Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору менен жолугушту

Министрлер кабинети 13 Февраль 2025 14:24
67acd04f110ec.jpeg
67acd04eb7d1c.jpeg
67acd04f67575.jpeg
Алдыга
Артка
67acd04f110ec.jpeg
67acd04eb7d1c.jpeg
67acd04f67575.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Аль-Сувейди менен жолугушту. 

Жолугушуу Дубай шаарында (БАЭ) дүйнөлүк өкмөттүк саммиттин алкагында өттү.

Министрлер кабинетинин башчысы фонд менен өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстан менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Араб координациялык тобунун алкагында жемиштүү кызматташууну белгиледи.

Өз кезегинде Мухаммад Аль-Сувейди Абу-Даби өнүктүрүү фондунун Кыргызстан менен мындан ары өз ара аракеттенүүгө умтулуусун белгилеп, республиканы туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелерди жана долбоорлорду кароого даярдыгын баса белгиледи. 

Жолугушуунун алкагында тараптар жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде "Абу-Даби Кыргыз Инвест"холдинг компаниясынын практикалык ишмердүүлүгүн ишке киргизүүнү талкуулашты.