“Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында ушул жумада аткаруу бийлигинин негизги жетекчилери жалпыга маалымдоо каражаттары менен ачык форматта иш күндөрүн өткөрүүдө. Анын алкагында бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы бир катар объектилерге барып, жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринен таанышты. Иш сапарды ЖМК өкүлдөрү коштоп, аны “Кабар” агенттиги да чагылдырды.
Таң эрте министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кеңсесинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, иш күнү кандай башталарын, күнүмдүк иш тартибин жана алдыда аткарыла турган иштер тууралуу маалымат берди.

Андан соң минкаб жетекчиси президенттин администрациясынын Ситуациялык борборунда жумушчу кеңешме өткөрүп, өлкөнүн аймактарындагы актуалдуу макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана социалдык-экономикалык абал менен кеңири таанышып, бир катар тапшырмаларды берди.

Андан кийин төрага Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, андагы масштабдуу эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө инфраструктуралык жана маданий объектилердин даярдыгын текшерди.

Атап айтканда ал Кырчын капчыгайындагы этно аянтчалардын абалы менен таанышып, этномаданиятты, ат спортун жана асыл тукум жылкычылыкты өнүктүрүү борборун - ипподромду текшерди. Ошондой эле ал Ысык-Көл районунун Бает айылындагы “UIM F1H2O дүйнө чемпионаты — Кыргызстан Гран-приси. Ысык-Көл – 2026” мелдешине даярдык иштерин көрүп чыгып, жээк инфраструктурасын жайгаштыруу планы менен таанышты. Мындан тышкары, Рух Ордо маданий борборуна барды. Иш сапардын жүрүшүндө ага Курулуш министрлиги үчүн алынган жаңы атайын техникалар да көрсөтүлдү.

Минкаб төрагасы Ысык-Көл облусунан тик учак менен кайтып келип, Түндүк айланма жолу менен таанышты. Анда Касымалиевге жолдун курулушуна колдонулуп жаткан асфальт материалдары, жол карталары көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, Түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Жол 6 тилкеге чейин кеңейтилүүдө. Ар бир тилкенин туурасы эл аралык стандартка ылайык 3,75 метр болот. Долбоордун алкагында 13 транспорттук түйүн каралган: анын 11и жаңыдан курулуп, экөө капиталдык оңдоодон өтөт. Ошондой эле көпүрөлөр кеңейтилүүдө.

Түндүк айланма жолунун курулушу менен таанышып чыккандан кийин Адылбек Касымалиев Канттагы ипотекалык үйлөрдү текшерүүгө барды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган турак жайлар ээлерине 2027-жылы тапшырыла тургандыгы маалым болду. Учурда жети кабаттуу үйлөрдөн турган турак жай комплексинин курулушу жүрүүдө. Жалпысынан комплексте 5250 батир каралган. Долбоор жайгашкан жер тилкесинин аянты 60 гектарды түзөт. Андан сырткары, аянтта 5340 унаа оруну, коммерциялык, жер алдындагы жайлар жана балдар аянтчасы каралган.

Андан соң Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Ч. Валиханов көчөсүндө Бишкек жылуулук электр борборунун техникалык каналдары аркылуу курулуп жаткан көпүрөнүн курулушу, ошондой эле бир катар жолдордун реконструкциялоо жана кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Анда белгилүү болгондой, көпүрөнүн жалпы узундугу – 92 м. ал эми туурасы – 32 м. болгон объектинин курулуш иштерин бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын күз айларына карата пландалууда.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы №23 мектептин курулуп бүткөн жаңы имараты менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө маалым болгондой, аталган мектеп сентябрь айында жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет. Имарат үч кабаттан жана жер төлөдөн турат. Жалпы аянты 5 199,19 чарчы метрди түзүп, 560 окуучуга ылайыкталган.

Аталган объектидеги текшерүү иштерин жыйынтыктагандан кийин Минкаб жетекчиси Агартуу министрлиги менен Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнө жаңы кызматтык унааларды тапшырды.

Агартуу министрлигине 91 жана Кадастр агенттигине 20 ата мекендик Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү унаалары салтанаттуу түрдө берилди.

Андан соң төрага Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосундагы кайра курула турган олимпиадалык бассейндин абалы менен таанышты.

Анда маалым болгондой, аталган бассейн 1974-жылы курулган. 2000-2010-жылдары имарат жараксыз абалга келип, быйылкы жылы текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин сейсмикалык жактан туруктуу эмес деп табылган.