“Ачык кабинет” министрликтердин ачык иш алып баруусуна чоң мүмкүнчүлүк – Баетов

Коом Загрузка... 13 Май 2026 11:40
3493776.f608216cb9d765197423225bab48f3c7.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. “Ачык кабинет” бүгүнкү күндө маанилүү долбоор катары бардык министрликтерге жасап жаткан иштерин көрсөтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - юстиция министри Аяз Баетов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ар бир министрликтин алдында бир нече мекемелер болуп, бир чоң команда катары иш алып барат.

“Негизи министрликтерде аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтарды коомчулукка, жарандарыбызга жеткиргенге бизге ушундай бир платформалар керек. Ошондуктан ушундай мүмкүнчүлүккө өзүбүз да кубанып турабыз. Экинчиден бул долбоордун маанилүүлүгү биздин жетекчилик ар дайым ачык форматта иш алып баруу тапшырмасын коюп келет. Бизде ар бир тийиштүү жаранга өз убагында туура, так маалымат жеткирүү максаты коюлган.
Ар бир министрлик өз багытында жоопкерчилик алып иш алып барат. Ошондуктан ачык сүйлөшүп, ачык иш алып баруу биз үчүн да өтө маанилүү. Менимче бул “Ачык кабинет” долбоорунун максаты ушундай”,- деди Баетов.