Бишкек, 21.05.26 /Кабар/. Минкаб төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында бүгүнкү иш күнүн жыйындан баштады.
Микроэлектрогенерацияны өнүктүрүү маселелерине байланышкан бул жыйынга мамлекеттик органдардын, аталган тармакта иш алып барган жеке компаниялардын, банктардын жана ЖМК өкүлдөрү катышып жатат.
Эрлист Акунбеков белгилегендей, Кыргызстан үчүн микрогенерация тармагын өнүктүрүү бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ. Бул багытта тиешелүү мыйзам да кабыл алынды. Президенттин дагы жакынкы жылдары электр энергиясы боюнча көз карандысыздыкка чыгуу тапшырмасы коюлган.
"Микрогенерация аркылуу биринчи кезекте эки маанилүү маселе чечилет. Биринчиден, жеке тараптар өздөрүнүн электр энергиясына болгон муктаждыгын өз алдынча камсыздай башташат. Орнотулган жабдуулар 5 жыл ичинде өзүн актап алса, андан кийин электр энергиясын дээрлик акысыз пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Экинчиден, ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясын жалпы системага сатып, кошумча киреше табууга шарт жаралат", - деп белгиледи министр.
Белгилей кетсек, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында жыйындарды ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда өткөрүп, бир катар объектилерге барат.