Ачык кабинет: Данияр Амангелдиевдин иш үстүндөгү бир күнү

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Май 2026 22:30
WhatsApp_Image_tvhClLR.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бүгүнкү иш күнүн журналисттер менен жолугушуудан баштады.

Өлкөдө жүрүп жаткан “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө өзүнүн ишмердүүлүгү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өкмөттүн экономикалык, социалдык жана туристтик тармактардагы иштери тууралуу кеңири маалымат берди.

Андан соң күн тартибине ылайык, Чүй облусундагы мамлекет үчүн маанилүү болгон өндүрүш объектилеринин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышуу үчүн жөнөп кетти. Аны бул сапарда ЖМК өкүлдөрү коштоп жүрүштү.

Биринчи барган объектиси — быйыл Маловодное айылында ачыла турган “Sun Planet Organic” компаниясы болду. Ал жерде ишкананын ишмердүүлүгү боюнча журналисттерге кеңири маалымат берилип, атайын пресс-тур уюштурулду.

Аталган ишкана быйыл ишке берилүүсү пландалган ири потенциалга ээ 119 ишкананын бири болуп саналат. Келечекте жылына 12 миң тонна продукция өндүрүү мерчемделген бул өндүрүш учурда мөмө-жемиштерди кайра иштетүү жана сублимациялоо менен алектенип, бал жана жаңгактан жасалган азыктарды чыгарат. Өндүрүлгөн продукциялар эл аралык сапат стандарттарына жооп бергендиктен, Европа өлкөлөрүнө, араб мамлекеттерине, АКШга жана Японияга экспорттолуп келет.

Андан кийин Данияр Амангелдиев Москва районундагы Беловодское айылында жайгашкан “Tulpar Motors” автоунаа заводуна барды. Бул жерде да журналисттер үчүн кеңири пресс-тур уюштурулуп, заводдун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

“Tulpar Motors” — мамлекет менен жеке ишкерлердин кызматташуусунун негизинде ишке ашырылып жаткан ири долбоорлордун бири. Демилге 2023-жылы өлкөдө автоунаа өндүрүшүн өнүктүрүү максатында башталган. Учурда заводдо Chevrolet үлгүсүндөгү бир катар автоунаалар чогултулуп жатат. Бул жерде чыгарылган унаалар мамлекеттик кызматкерлер үчүн пайдаланылып, ошондой эле жарандардын жеңилдетилген шартта автоунаа сатып алуусун камсыздоо максатында автолизинг программасына 1 миллиард сом бөлүнгөн.

Ишканаларды кыдыруу учурунда биринчи орун басар өкмөттүн негизги максаттарынын бири калкты жана ишкерлерди колдоо экенин белгиледи.

“Кыргыз өкмөтүнүн башкы максаттарынын бири — калкты, анын ичинде ишкерлерди ар тараптуу колдоо. Бул ишканага да мамлекет тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлүп жатат. Жакынкы күндөрү ишкананын жаңы имараты пайдаланууга берилип, расмий ачылыш аземи өткөрүлөт”, - деди ал.

Андан соң Данияр Амангелдиев “Ынтымак Ордого” кайтып келип, айыл чарбасын, орто жана чакан бизнести колдоо маселелерине арналган жыйын өткөрдү. Жыйында тиешелүү тармак жетекчилеринин жана банк өкүлдөрүнүн отчеттору угулуп, бир катар тапшырмалар берилди.

Күндүн жүрүшүндө ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын программаларына да катышууга жетишти. Тактап айтканда, эртең менен "Биринчи радионун" түз эфирине чыгып, андан соң “Спутник” сайтына маек берип, кийинчерээк “Кабар” агенттигинин подкастына катышты.

Мындан тышкары, ал мамлекеттик кызматтан тышкаркы жашоосу, үй-бүлөсү жана ата катары жоопкерчилиги тууралуу да ой бөлүштү.

“Көп жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп келем. Менин негизги принцибим — жумушта болгондо ишке толук көңүл буруу, ал эми үйдө болгондо убакытты үй-бүлөгө арноо. Өзгөчө зарылчылык болбосо, үйдөгү иштер менен алектенем. Эртең менен балдарды ойготуп, мектепке даярдайбыз. Андан кийин жумушка келип, иш процессине толук киришем. Үй-бүлөгө убакыт аз болуп калат. Балдар чоңоюп калышты, өздөрүнүн иштери менен алек. Мектептен кийин кошумча курстарга барышат. Бирок кечинде баарыбыз сөзсүз дасторкондун үстүндө чогулуп, баарлашабыз”, — деп белгиледи Данияр Амангелдиев.