Ачык кабинет: Данияр Амангелдиев орто жана чакан бизнести колдоого арналган жыйын өткөрдү

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Май 2026 18:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Чүй облусундагы бир катар объектилерди кыдырып чыгып, “Ынтымак Ордодо” айыл чарбасын жана орто жана чакан бизнести колдоо маселелерине арналган жыйын өткөрдү.

Орун басар аталган тармактардын жетекчилери жана банк өкүлдөрүнүн отчетторун угуп, аларга бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бүгүнкү иш күнүн “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында, ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда өткөрдү.

Алгач журналисттер үчүн маалымат берип, андан соң Чүй облусунда жайгашкан “Sun Planet Organic“ жана “Tulpar Motors” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.