Ачык кабинет: Данияр Амангелдиев иш күнүн журналисттер менен жолугушуудан баштады

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 18 Май 2026 10:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен таңкы жолугушуу өткөрүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө ал журналисттерге күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, жүргүзүлүп жаткан иштер жана жалпы ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүүдө.

Мындан тышкары, Данияр Амангелдиев долбоордун алкагында Чүй облусу менен Бишкек шаарындагы бир катар объектилерди кыдырып, жыйындарды өткөрөт.

“Кабар” агенттиги министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын иш күнү тууралуу маалыматтарды берип турат.

Белгилей кетсек, “Ачык кабинет” долбоору мамлекеттик органдардын ишин ачык-айкын чагылдырууга багытталган. Долбоордун негизги максаты — жетекчилердин иш күнүн жасалмалуулуксуз, эртең мененден кечке чейин коомчулукка көрсөтүү.