Расмий каттоодогу 61 миң жумушсуз жаранга жаңы программа даярдалууда – министр

Коом Загрузка... 08 Июнь 2026 16:15
WhatsApp Image 2026-06-08 at 16.20.40.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 61 миң жаран жумушсуз катары расмий каттоодо турат. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысы Канат Сагынбаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Маалымдалгандай, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жалпы Кыргызстан боюнча 104 миңдей жаран жумушсуз.

“Бизде жумушсуздарды иш менен камсыздоо багытында биринчи кесиптик багыт берүү жүргүзүлөт. Учурда өлкөдө курулуштун темпи жогору болгондуктан, бул тармакта иштеген адистерге, жумушчуларга талап абдан жогору болуп жатат. Иш менен камсыз кылуу жана эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча бүгүнкү күндө кеңейтилген программа даярдалып жатат. Ал жерде өлкө ичиндеги жумушсуз жарандарды иш менен камсыздоонун жаңы ыкмаларын киргизүүнү көздөп жатабыз. Коомдук акы төлөнүүчү жумуштар маселесинде бир мисал, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева менен сүйлөшүп, жумушсуздарды мектептерди оңдоо иштерине тартуу каралууда”,- деди министр.

Ал ошондой эле министрликтеги санариптештирүү иштерине токтолуп, өлкөдөгү шаарларда санариптик кызмат көрсөтүүлөр өнүгүп жатканын, бирок айыл жергесинде жарандар көбүнчө мекемелерге барып кызмат алып жатышкандыгын кошумчалады.