Кыргызстанда 2022-жылдан 2026-жылдын 1-сентябрына чейин 57 720 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлүп, 57 миңден ашуун кошумча жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүлдү. 2026-жылы программага 2 млрд 10 млн сом бөлүнүп, 13 334 үй-бүлөнү камтуу пландалса, 1-сентябрга карата алардын 9 163ү менен социалдык контрактка кол коюлган. Ошондой эле 2024-жылдан бери программанын 2 100 катышуучусу пайызсыз насыя алган. 2027-жылы да 13 334 үй-бүлөгө 150 миң сомдон социалдык контракт берүү менен катар жаңы жумуш орундарын түзгөн чакан иш берүүчүлөрдү программага тартуу боюнча пилоттук механизмди киргизүү пландалууда.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, 2022-жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан "Социалдык контракт" программасынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата жалпысынан 57 720 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлгөн.
Министрликтин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекова “Кабарга” маалымдагандай, учурда программанын алгачкы катышуучуларынын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча кеңири изилдөө жүргүзүлүп жатат.

"Аталган программа 2022-жылдан баштап ишке киргизилип, ийгиликтүү ишке ашырылууда. “Социалдык контрактты” эң биринчи 2022-жылы алган 2 800 үй-бүлө боюнча учурда министрлик тарабынан чоң изилдөө жүргүзүп жатабыз. Программанын эффективдүүлүгү боюнча катышкан бардык үй-бүлөлөрдү сурамжылап, ошонун жыйынтыгы боюнча кандайдыр бир сунуштар болсо, программаны толук кандуу жакшыртууну пландап жатабыз. Үч жылдык мөөнөт 2025-жылы бүттү. Биз 2026-жылдын апрель айында баштаганбыз, октябрь айында жыйынтыктоону пландап жатабыз. Ошонун негизинде бул программаны жакшыртуу боюнча иш алып барабыз", - деди Туркебекова.
Анын айтымында, программанын кийинки этабында анын категориясын кеңейтүү жана чакан иш берүүчүлөрдү да колдоо маселеси каралууда.
"Быйыл министрлер кабинетинин иш-чаралар планына киргизилген, бул программаны өркүндөтүү жана категориясын кеңейтүү максатында иш берүүчүлөргө да берүү боюнча пилоттук долбоор жүргүзүү каралган. Учурда биз Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте төрт тиешелүү аймакты пилоттук негизде тандап алганбыз. Анын алкагында, эгерде чакан иш берүүчүлөр кошумча жумуш орундарын түзсө, ар бир жумуш ордуна социалдык контрактта каралган 150 миң сомдук сумманы берүү механизмин иштеп чыгып, тиешелүү министрликтер менен макулдашып жатабыз", - деди министрликтин өкүлү.

Ал белгилегендей, изилдөөнүн жана пилоттук долбоордун жыйынтыгына жараша тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып, 2027-жылы программаны өркүндөтүү менен иш алып баруу пландалууда.
2027-жылы "Социалдык контракт" канча үй-бүлөгө берилет?
Наргиза Туркебекованын маалыматына караганда, 2027-жылга да 13 334 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөгө социалдык контракт берүү үчүн бюджетте каражат каралган.
"2027-жылга быйылкыдай эле 13 334 аз камсыз болгон жакыр үй-бүлөгө социалдык контракт берүү боюнча бюджетте каражат каралган. Өлчөмүн 150 миң сомдон деп пландап жатабыз. Бирок учурда жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча сунуштар түшүүдө. Жарандардан "адамдардын санын көбөйтпөстөн, каралган бюджеттин алкагында суммасын көбөйтүп берсеңиздер" деген сунуштар келип түшүүдө, биз ошону да карап чыгабыз", - деди министрликтин өкүлү.
Ошентип, кийинки жылы социалдык контракттын өлчөмүн 150 миң сом деңгээлинде сактоо менен бирге каражатты алуучулардын санын өзгөртүү же каралган бюджеттин чегинде бир үй-бүлөгө берилүүчү сумманы көбөйтүү маселеси да изилдөөнүн жыйынтыгына жараша каралышы мүмкүн.

Социалдык контракт кандай иштеп жатат?
Белгилей кетсек, "Социалдык контракт” программасы жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук абалдан чыгарууга, алардын жашоо шартын жакшыртууга жана өз алдынча иш менен камсыз болушуна шарт түзүүгө багытталган.
Аталган программанын мыйзамдык базасына токтолсок, программа КР президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, 2025-жылдын 3-августундагы "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" №214 мыйзамын, 2017-жылдын 28-июлундагы "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" №163 мыйзамын жана министрлер кабинетинин "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтомун ишке ашырууга багытталган.
Жобого ылайык, жакыр же аз камсыз болгондугун ырастаган документи бар, социалдык контракттын негизинде жардам алууга макул болгон, бизнес-планы жана эмгек, мүлктүк потенциалы бар үй-бүлө социалдык контракт түзүүгө укуктуу.
2022-2025-жылдары программага жалпысынан 48 557 үй-бүлө катышкан. Алардын бизнес-программаларынын 73,3 пайызы айыл чарба, 13,8 пайызы өндүрүш, 6,7 пайызы соода-сатык жана 6,2 пайызы кызмат көрсөтүү тармактарына туура келген. Мониторингдин жыйынтыгында социалдык контракт алгандардын 94,2 пайызын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түзгөнү аныкталган.

Ошондой эле программанын алкагында 57 миңден ашуун кошумча жумуш орду түзүлүп, республика боюнча 228 миңден ашык адамдын жашоо-шартын жакшыртууга шарт түзүлгөн. Программанын алгачкы катышуучуларынын арасынан 14 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашкан. Ошол эле учурда социалдык контракт алган үй-бүлөлөрдүн баары эле ишкерлигин жүргүзүп кете алган эмес. Мониторингдин жыйынтыгында 221 үй-бүлө ар кандай себептерден улам социалдык контрактты ишке ашыра албай калганы аныкталган. Алардын арасында форс-мажордук жагдайлардын натыйжасында активдеринен ажырагандар, ден соолугуна байланыштуу социалдык контракттан өз ыктыяры менен баш тартып, каражаттарын кайтарып бергендер бар.
Жалпы 57 миңден ашуун үй-бүлө социалдык контракт менен камтылды
Программа ишке кирген 2022-жылы социалдык контракттын алкагында бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген болсо, 2025-жылы анын өлчөмү 50 пайызга көбөйтүлүп, 150 миң сомго жеткирилген. Министрликтен маалымдашкандай, программага республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын көлөмү да жыл сайын көбөйтүлүп келген. Тактап айтканда, 2022-жылы “Социалдык контракттын” алкагында бюджеттен 292 млн сом бөлүнүп, бул каражат 2 800 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөгө берилген.
2023-жылы 1 млрд 36 млн сом бөлүнүп, 10 миң аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө социалдык контракт менен камтылган. 2024-жылы республикалык бюджеттен 2 млрд 70 млн 300 миң сом бөлүнүп, бул каражат 19 426 үй-бүлөгө берилген. Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын долбоорунун эсебинен дагы 3 миң үй-бүлө камтылып, ошол жылы жалпы 22 426 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлгөн.
2025-жылы социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүүгө 2 млрд 10 млн сом бөлүнүп, 13 331 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилген. Ал эми быйылкы жылга өлкө боюнча 13 334 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү үчүн 2 млрд 10 млн сом бөлүнгөн.

Наргиза Туркебекованын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрына карата 9 163 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлгөн. Муну менен 2022-жылдан 2026-жылдын 1-сентябрына чейин социалдык контракт түзгөн үй-бүлөлөрдүн жалпы саны 57 720гө жетти.
Гранттан кийин пайызсыз насыяга өтүү механизми
“Социалдык контракттын” алкагында үй-бүлөлөргө бир жолку грант берүү менен гана чектелбестен, ишкердик демилгелерин андан ары кеңейтүүгө багытталган пайызсыз насыя берүү механизми 2024-жылдан тартып ишке киргизилген. Пайызсыз насыялар "АБанк" жана "Элдик Банк" аркылуу берилүүдө. Мындагы негизги максат - мурда социалдык контракттын алкагында алынган каражаттын эсебинен түзүлгөн бизнести же кошумча чарбаны кеңейтүү жана колдоо.
Социалдык контракттын катышуучусу бизнес-планына ылайык, 200 миң сомго чейин үч жылдык мөөнөткө насыя ала алат. Насыянын шарттарына ылайык, алгачкы 3 айда төлөм жүргүзүлбөйт. Андан кийин негизги сумма 3 жыл ичинде ай сайын тең бөлүктөргө бөлүнүп төлөнөт. Мамлекеттик колдоо чарасы катары 4 пайыздык чен банктарга мамлекет тарабынан компенсацияланат.
2024-жылдын жыйынтыгында социалдык контракттын 105 ийгиликтүү катышуучусу өз бизнесин өнүктүрүү үчүн пайызсыз насыя алган. 2025-жылы насыя алуу талаптары да жөнөкөйлөштүрүлгөн. Тактап айтканда, катышуучудан банкка ишкердик ишмердүүлүгүн тастыктаган документти - жоопкерчилиги чектелген коом, жеке ишкер же патентти - көрсөтүү гана талап кылынат. Ал эми 2024-жылы колдонулган алты айлык иш тажрыйбасы тууралуу талап алып салынган. 2025-жылы социалдык контракттын миң катышуучусуна пайызсыз насыя берүү каралган. Жыйынтыгында өлкөдө 1 101 катышуучу пайызсыз насыя алуу менен өз ишмердүүлүгүн өнүктүрүп жатат. Ошентип, жалпысынан 2024-2025-жылдары 1 206 социалдык контракттын катышуучусу пайызсыз насыя алган. Быйыл дагы “Социалдык контракттын” миң ийгиликтүү катышуучусуна пайызсыз насыя берүү каралган.

Бүгүнкү күндө катышуучулары насыя алуу үчүн жогоруда аталган банктарга документтерин тапшырышууда. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата "Социалдык контракт" программасынын 894 катышуучусу пайызсыз насыя алган. Ошентип, 2024-жылдан бери үч жыл ичинде жалпысынан 2 100 социалдык контракттын катышуучусу пайызсыз насыя менен камсыз болгон.
Социалдык контракт: ишин кеңейтүүнү көздөгөн Тутихон Суюнова
Баткен шаарынын тургуну, социалдык контракттын катышуучусу Тутихон Суюнова да 200 миң сомго чейин берилүүчү насыяны алууну пландап жатканын “Кабар” агенттигине билдирди.
“2025-жылы “Социалдык контракт” долбоорунун алкагында алынган 150 миң сом каражатка тандыр жана самса даярдоого керектүү жабдууларды, муздаткыч сатып алып ишибизди баштаганбыз. Жетпеген каражатты өзүбүз коштук. Учурда күнүнө 120 даана самса жасап, ар бир ишемби күнү Баткен шаардык базарына 360 даана самса алып барып сатам. Ишке жолдошум да көмөк көрсөтүп, үй-бүлөлүк ишти алдыга жылдырууга жардам берип келет. Биз мурда жөлөк пул алып келгенбиз. Колубуздан ушул иш келерине ишенип, күйөм экөөбүз иш баштадык. Күйөөм үйдө самса жаап берет, мен базарга алып барып сатам. Азыр жашообуз жакшы, үй-бүлөбүз менен ушул иш менен алекпиз. Учурда чоң уулум 3-курста студент, ушул ишибиз менен каражат таап окутуп жатабыз. Баткенде кардарларым көп, алдыда ишибизди кеңейтүү максатында 200 миң сомго чейин берилүүчү насыяны алууну пландап жатабыз”,- деди ишкер.

Алты баланын энеси Тутихон Суюнова ишкердигинин аркасынан айына 30 – 50 миң сомго чейин туруктуу таза киреше таап жатканын кошумчалады.
Ал эми экономист Эркин Абдразаков “Социалдык контракт” программасынын алкагында берилген каражаттардын натыйжалуулугун үзгүлтүксүз талдап, анын жыйынтыгын так көзөмөлдөп туруу маанилүү экенин “Кабар” агенттигине билдирди.
“Көпчүлүк үй-бүлөлөргө “Социалдык контракт” программасынын алкагында 150 миң сомго чейин, ал эми насыя түрүндө 200 миң сомго чейин каражат берилүүдө. Жарандар бул каражаттын эсебинен өздөрүнүн ишин ачып жатышат. Талдап көрсөк, көбүнчө айыл чарба багытына басым жасалып жатат. Себеби, элибиздин 70 пайызга жакыны айыл жеринде жашайт. Дайыма эле керектүү азык-түлүктү жана башка товарларды шаардан ташып келбестен, жергиликтүү ресурстарды пайдаланып, жеринде ишкердикти өнүктүрүү зарыл. Программалар аркылуу каражат берип жатабыз, бирок социалдык багытка бөлүнгөн акчанын натыйжасын так жана даана көзөмөлдөп, анализдеп туруу керек. Мына ошондо гана мындай программалардын таасири жана натыйжасы болот”, - деди экономист.

Программанын идеясы кайдан алынган?
“Социалдык контракт” программасы Кыргызстанда иштелип чыгардан мурда эл аралык тажрыйбалар изилденген. Наргиза Туркебекованын айтымында, анын ичинде Кытайдагы жакырчылыкты кыскартуу механизмдеринин бири да каралган.
"Биз бул долбоорду киргизердин алдында эл аралык тажрыйбаларды карап чыкканбыз. Бул Кытайдын жакырчылыкты кыскартуу алкагындагы механизми болгон. "Социалдык контракт" - бул биз койгон аталыш, аларда башкача аталчу. Бирок биз грант түрүндө берсек, алар кайтарымдуу негизде беришкен. Алар аз камсыз болгон жакыр үй-бүлөлөргө мал чарбачылыгы, өндүрүш же өзүнүн эмгек потенциалына жараша өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылуусу үчүн мамлекет тарабынан пайызсыз насыя катары берилип, кайтарып беришкен. Ал эми биздин саясатта бул каражат грант түрүндө берилет", - деди Туркебекова.

Мындан улам өлкөдөгү модель социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоону кайтарымсыз грант аркылуу көрсөтүү менен башталып, кийин өз ишин ийгиликтүү жүргүзүп кеткен катышуучулар үчүн кошумча пайызсыз насыя алуу мүмкүнчүлүгүн камтыган механизмге өткөн. Эми программанын кийинки этабында анын таасирин баалоо, ийгиликтүү иштеген үй-бүлөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу, жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган механизмдерди киргизүү жана иш берүүчүлөрдү да колдоо системасына тартуу маселеси каралууда.
Министрликтин маалыматына караганда, бул багыттагы изилдөө жана пилоттук долбоорлордун жыйынтыгы 2027-жылдагы "Социалдык контракт" программасын мындан ары өркүндөтүүгө негиз болот. “Социалдык контракт” — өз ишин баштоого, киреше булагын түзүүгө жана үй-бүлөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзгөн мамлекеттик колдоо.