5 миң жумуш орду: Кызыл-Кыяда ири логистикалык комплекс курулат

Аймак 12 октябрь 2026 12:20
5 миң жумуш орду: Кызыл-Кыяда ири логистикалык комплекс курулат
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана келечектүү долбоорлору менен таанышты.

Анда Кызыл-Кыя шаарынын мэри Бакытбек Кошалиев маалымат берди.

Анда ал шаарда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында эки ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мерчемделип жаткандыгын билдирди.

"Биринчи долбоор — транспорттук-логистикалык комплекс куруу. Анда 13 гектар жер тилкесинде транспорттук-логистикалык комплексти курууну каралган. Долбоордун жалпы наркы 3 млрд сомду түзөт. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 5 000 жумуш ордун түзүү пландалууда. Экинчи долбоор — Кызыл-Кыя шаарында жаңы кичи район куруу. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 71 гектар аянтта жаңы кичи район куруу мерчемделүүдө. Долбоордун алдын ала эсептелген наркы 30 млрд сомду түзөт", - деп белгиледи ал.