30 жыл мурда токтоп калган Ош-Наманган-Касансай каттамы жанданды

Аймак Загрузка... 14 Февраль 2025 15:47
Снимок.PNG
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Эки элдин достук алакасын бекемдөө жана туризмди өнүктүрүү максатында 30 жыл мурда токтоп калган узундугу 170 чакырымды түзгөн Ош-Наманган-Касансай каттамы жанданды.

Ош аймактык департаментинин жетекчисинин орун басары Алманбет Эркебаев Улуттук биринчи каналга билдиргендей, каттам “Достук” чек ара бекети аркылуу Өзбекстанга өтүп, Касансай районуна чейин барат. Ал жерден кыргыз-өзбек чек арасындагы “Баймак” көзөмөл бекети аркылуу Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна өтөт.

“Кошуна Өзбекстан мамлекети менен канча жылдан бери токтоп турган каттамды жаңырттык. Негизи Союз мезгилинде бул каттам болгон. Эми каттамды жаңыртып, эки элдин достугун дагы да чыңдоого көмөк көрсөтүп жатабыз. Каттамдын схемалары эки тараптуу негизде өзбек тарап менен биз тараптын фирмалар аркылуу чечилди. Бардыгы төрт каттам болот, өзбек тараптан эки, Кыргызстан тараптан эки каттам”, - деди Алманбет Эркебаев.

Белгилей кетсек, каттамдын жанданышы эң ириде жүргүнчүлөрдү жол азабынан арылтты. Мисалы, учурга чейин Оштон Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна барчулар 8-9 саат жол жүрүп келишкен. Эми жаңы каттам ачылганы 3,5 саатта белгиленген дарекке жетип барышат.

“Ала-Бука, Чаткал райондорунун элине, ошондой эле Өзбекстандын Наманган облусу үчүн да каттамдын ачылышы абдан ыңгайлуу болду. Жол акысы тууралуу айтсак, Оштон Касансайга чейин 450 сом, Наманганга чейин 320 сом”, - деди каттамды жүргүзгөн транспорттук компаниянын жетекчиси Мырзамат Чыңгараев.

Маалымдалгандай, Ош-Наманган-Касансай унаа каттамы аркылуу сапарга чыккандар чек ара бекеттеринде да көпкө кармалбайт, алар үчүн “жашыл коридор” иштейт.