2032-жылкы Олимпиаданын эмблемаларына какаду куштары түшүрүлдү

Дүйнө 9 октябрь 2026 09:00
02b1a6f8-6cd7-4fd2-8169-590e89e80942.jpeg
e72d5189-e915-4139-b722-62914834c724.jpeg
Алдыга
Артка
02b1a6f8-6cd7-4fd2-8169-590e89e80942.jpeg
e72d5189-e915-4139-b722-62914834c724.jpeg
Алдыга
Артка

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Австралияда 2032-жылы Брисбен шаарында өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын эмблемалары тааныштырылды. Алардын дизайнында өлкөнүн жаратылышы жана маданияты чагылдырылып, эмблемалардын негизги бөлүгүн Австралияда жашаган какаду куштары түздү. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматта белгиленгендей, Олимпиаданын эмблемасына кызгылт түстөгү, ал эми Паралимпиаданын эмблемасына сары айдарлуу какаду тандалган.

Куштардын айдарынан Австралиянын Квинсленд штатынын көрүнүшүн байкоого болот. Ал эми Олимпиада жана Паралимпиада оттору биримдикти, үмүттү жана шыктанууну билдирет.

Эмблемалардагы канаттардын саны да өзгөчө мааниге ээ. Алар 2032-жылды символдоштурат. Австралия бул жылы жайкы Олимпиада оюндарын тарыхта үчүнчү жолу өткөрөт.

Какаду куштары Австралиянын түпкү элдеринин маданиятында да өзгөчө орунду ээлейт. Алар жер жана салттар менен байланышып, адамдарды өз жеринин тарыхы жана маданий мурастары менен бириктирген символ катары кабыл алынат.

Эки эмблемага тең англис тилиндеги “Brisbane 2032” деген жазуу түшүрүлгөн. Олимпиаданын эмблемасында беш шакек, ал эми Паралимпиаданын эмблемасында агитос белгиси бар.

Ал эми Олимпиада менен Паралимпиаданын талисмандары кийинчерээк тааныштырылат.

Эске салсак, Брисбенде жайкы Олимпиада оюндары 2032-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.