Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. 2030-жылга чейин айылдарда дагы ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда сөз сүйлөп жатып айтты.
Мамлекет башчысы белгилегендей, облустук деңгээлдеги шаарлардагы курулуш иштери бүткөн соң, 33 кичи шаарда, 44 райондо, андан кийин айылдарга чейин турак жайлар салынат.
Мындан сырткары, өлкө башчысы Мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын бааларындагы тууралуу суроого токтолду.
“Мен 2021-2022-жылдары жеке курулуш компаниялардын жетекчилерин чакырып, үйлөрдү 600-700 доллардан салып бергиле деп сурангам. Бирок алар макул болбой коюшкан. Чарчы метрин миң доллардан болсо гана салабыз дешти. Айлабыз кеткенде "Кыргызстройсервис" деп мамлекеттик компания ачтык. “Мурас” конушун куруп жаткан ишкана чарчы метрин 700 доллардан куруп мамлекетке өткөрүп берип жатат. Ал эми МИК калкка 950дөн 25 жылга берүүдө. Бул 250 доллардын ичине инфляция кирет”,- деди президент.