Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Мамлекет көп балалуу үй-бүлөлөргө, айрыкча тоолуу жана катаал аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө олуттуу колдоо көрсөтүү боюнча чечимдерди кабыл алды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди.
Садыр Жапаров белгилегендей, 2026-жылдын 1-январынан тарта тоолуу аймактарда жашаган көп балалуу энелерге 2 млн сомго чейин төлөм берилет.
- Ар бир 4-төрөлгөн балага – 100 миң сом;
- 5-балага – 600 миң сом;
- 7-балага – 1 млн сом;
- 8-балага – 1,2 млн сом;
- 9-балага – 1,5 млн сом;
- 10 жана андан кийинки балдарга – 2 млн сом.
“Мындай чечимдер буга чейин боло элек болчу. Албетте, бул чоң чыгымдар. Бирок бул – мамлекеттин келечеги талап кылган зарылчылык. Биз муну үй-бүлөлөр өзүн ишенимде сезиши, колдоого ээ болушу жана мамлекет дайыма жанында экенин билиши үчүн жасайбыз жана ишке ашырабыз! Бул жерде тоолуу аймактарды айтып жатабыз”, - деп айтты өлкө башчысы.