Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. 2025-жылы 1 миң 545 чакырым жолго асфальт-бетон төшөлүп, 2024-жылдын көрсөткүчүнөн эки эсе көп болгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, республикалык бюджеттен жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө 43,4 млрд сом каралган.
“Балыкчы-Кочкор темир жолу Кочкор станциясына чейин жеткирилип, 43 км негизги конструкциялар курулду. 2025-жылдын август айында узундугу 150 км болгон Барскоон-Бедел автожолунун курулушу башталды”,- деди Акунбеков.