2025-жылга маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүүсүн кармап туруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди

Министрлер кабинети Загрузка... 19 Февраль 2025 20:55
Izobrazhenie-WhatsApp-2024-09-09-v.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинети 2025-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Иш-чаралар планына ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын бешине чейин Экономика жана коммерция министрлигине пландын аткарылышы жөнүндө маалымат берип турат. 

Ал эми Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын онуна чейин президенттин администрациясына иш-чаралар планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берет.

Тескеменин максаты социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүшүн кармап туруу, ички рыноктун туруктуулугун жана толтурууну камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды жүргүзүү, 2025-жылы ата мекендик өндүрүшкө мамлекеттик колдоо көрсөтүү.