Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. 2024-жыл Кыргызстандын авиациясы үчүн ийгиликтүү болду. Анткени өлкөнүн аймактарында аэропорттор реконструкцияланды, облус борборлоруна аба каттамдары ачылды. Былтыр кыргызстандыктарга экзотикалык өлкөлөргө, Таиланд менен Вьетнамга түз каттамдар менен учуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү, дагы бир катар аба каттамдар ачылды.
Мамлекет авиакомпанияларды Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгарууну көздөп жатат. Кыргызстандын авиациясы Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) коопсуздук аудитинен 85% ийгиликтүү өттү. Эгерде өлкө аудиттен өтсө, анда Европага жана башка өлкөлөргө түз каттамдар ачылат, азырынча ал жакка түз каттамдар жок.
2024-жылы ачылган жаңы авиакаттамдар:
- Пекин – Бишкек – Пекин, Түштүк-Кытай авиалиниясы, дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү. Алгачкы каттам 24-январда учту;
- Астана-Бишкек-Астана, “Эйр Астана” авиакомпаниясы, 16-июндан баштап аптасына эки ирет уча баштады (шейшемби жана жекшембиде);
- Баку-Бишкек-Баку каттамы жандандырылды, АЗАЛ авиакомпаниясы, 9-июндан тартып жумасына эки ирет (дүйшөмбү, шаршемби күндөрү);
- Транзиттик каттам Сеул (Түштүк Корея)-Бишкек-Загреб (Хорватия), T’Way авиакомпаниясы, жумасына үч ирет (шейшемби бейшемби жана ишемби);
- Бишкек-Талас-Бишкек, “Асман Эйрлайнс”, аптасына бир жолу – жума күнү;
- Бишкек-Каракол-Бишкек, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы, жумасына үч жолу (бейшемби, жума, жекшемби) 19-декабрдан тартып каттап жатат.

Эл аралык багыттар (үзгүлтүксүз каттамдар):
- Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби, Wizz Air авиакомпаниясы, күнүгө учат;
- Анкара – Бишкек – Анкара, AJet авиакомпаниясы, жумасына эки ирет дүйшөмбү жана ишемби күндөрү;
- Алматы – Бишкек – Алматы, “Эйр Астана" авиакомпаниясы, күн сайын каттамга чыгат;
- Бишкек-Алматы-Бишкек, “Тез Жет” авиакомпаниясы, күнүгө (1-декабрдан тартып уча баштаган);
- Анталия – Бишкек – Анталия, Pegasus Airlines авиакомпаниясы, жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү;
- Баку – Бишкек – Баку, Азал авиакомпаниясы, ишемби күндөрү;
- Бишкек – Дели – Бишкек, “Аэро Номад” авиакомпаниясы, жумасына 2 жолу – дүйшөмбү, бейшемби;
- Жидда – Бишкек – Жидда, Fly Nas авиакомпаниясы, аптасына 3 жолу – шейшемби, бейшемби, ишемби;
- Дубай – Бишкек – Дубай, Fly Dubai авиакомпаниясы, күнүгө;
- Екатеринбург – Бишкек – Екатеринбург, “Урал авиалиниясы” авиакомпаниясы, аптасына 4 жолу, шейшемби, бейшемби, ишемби, жекшемби;
- Бишкек – Исламабад – Бишкек, “Аэро Номад” авиакомпаниясы, аптасына 2 ирет, дүйшөмбү жана ишемби күндөрү;
- Бишкек – Казань – Бишкек, “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы, дүйшөмбү күндөрү;
- Казань – Бишкек – Казань, “Северный Ветер” авиакомпаниясы, жумасына 3 жолу – шаршемби, жума, жекшемби;
- Бишкек – Красноярск – Бишкек, “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы, шейшемби күндөрү;
- Красноярск – Бишкек – Красноярск, “Россия” авиакомпаниясы, жумасына үч ирет – шейшемби, бейшемби, жума кундөрү;
- Кувейт – Бишкек – Кувейт, Jazeera Airways авиакомпаниясы, күнүгө (1-декабрдан тартып учууда);
- Бишкек – Лахор – Бишкек, “Аэро Номад” авиакомпаниясы, аптасына 3 жолу, шейшемби, жума, жекшемби;
- Махачкала – Бишкек – Махачкала, Red Wings авиакомпаниясы, шейшемби;
- Бишкек – Москва – Бишкек (Внуково), “Аэро Номад” авиакомпаниясы, аптасына 2 ирет, шаршемби жана жекшемби;
20. Бишкек – Москва – Бишкек (Домодедово), “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы, күн сайын 2 жолу;
21. Москва – Бишкек – Москва (Шереметьево), “Аэрофлот” авиакомпаниясы, күн сайын 2 ирет;
22. Бишкек – Новосибирск – Бишкек, “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы, жумасына бир жолу – жекшемби күнү;
23. Новосибирск – Бишкек – Новосибирск, S7 Airlines авиакомпаниясы, күнүгө учат;
24. Бишкек – Санкт – Петербург – Бишкек, “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы, бейшемби, ишемби күндөрү;
25. Санкт – Петербург – Бишкек – Санкт – Петербург, “Урал авиалиниясы” авиакомпаниясы, шейшемби күнү;
26. Сеул – Бишкек – Сеул, T’Way авиакомпаниясы, аптасына 2 жолу – шаршемби, жекшемби;
27. Стамбул – Бишкек – Стамбул, Turkish Airlines авиакомпаниясы, күнүгө 2 жолу;
28. Стамбул – Бишкек – Стамбул (Сабиха Гокчен), Pegasus Airlines авиакомпаниясы, күнүгө;
29. Сиань – Бишкек – Сиань, Loong Air авиакомпаниясы, дүйшөмбү, жума күндөрү;
30. Пекин – Бишкек – Пекин, “Түштүк-Кытай Авиалиниясы” авиакомпаниясы, жумасына 3 жолу – шейшемби, бейшемби, ишемби;
31. Сургут – Бишкек – Сургут, “ЮтЭйр” авиакомпаниясы, жума күнү;
32. Чэнду – Бишкек – Чэнду, Loong Air авиакомпаниясы, аптасына 2 ирет, шаршемби, жекшемби;
33. Бишкек – Ташкент – Бишкек, “Тез Жет” авиакомпаниясы, жумасына 4 ирет, шейшемби, шаршемби, жума, жекшемби;
34. Ташкент – Бишкек – Ташкент, “Өзбекстан Эйрвэйс” авиакомпаниясы, күнүгө;
35. Үрүмчү – Бишкек - Үрүмчү авиакомпаниясы “Түштүк-Кытай Авиалиниясы”, күнүгө;
36. Шаржа-Бишкек-Шаржа, “Эйр Арабия” авиакомпаниясы, жумасына 5 ирет, дүйшөмбү, шаршемби, жума, ишемби, жекшемби.

Ички каттамдар (үзгүлтүксүз каттамдар):
- Баткен – Бишкек – Баткен, “Тез Жет” авиакомпаниясы, жекшемби күндөрү;
- Баткен – Бишкек – Баткен, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы, бейшемби күндөрү;
- Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы, шаршемби, жекшемби күндөрү;
- Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек, “Тез Жет” авиакомпаниясы, күнүгө 3 жолу;
- Бишкек – Раззаков – Бишкек, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы, шейшемби күнү;
- Бишкек – Раззаков – Бишкек, “Тез Жет” авиакомпаниясы, шаршемби күндөрү;
- Бишкек – Ош – Бишкек, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы, күнүгө 2 ирет;
- Бишкек – Ош – Бишкек, “Аэро Номад” авиакомпаниясы, күнүгө 4 жолу;
- Бишкек – Ош – Бишкек, “Скай Фру” авиакомпаниясы, күнүгө 2 ирет;
- Бишкек – Ош – Бишкек, “Тез Жет” авиакомпаниясы, күнүгө 5 жолу;
- Бишкек – Талас – Бишкек, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы, жума кундөрү;
- Бишкек – Ош – Бишкек, “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы, күнүгө 2 жолу;
- Бишкек – Каракол – Бишкек, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы, жумасына 3 жолу (бейшемби, жума, жекшемби).

Чартердик каттамдар:
- Шарм Эль Шейх – Бишкек – Шарм Эль Шейх, Red Sea Airlines авиакомпаниясы, дүйшөмбү, шаршемби күндөрү;
- Бишкек – Гоа – Бишкек, “Аэро Номад” авиакомпаниясы, ишемби күндөрү;
- Бишкек – Пхукет – Бишкек, “Аэро Номад” авиакомпаниясы, бейшемби күндөрү, 5-декабрдан тартып учууда;
- Бишкек – Фукуок – Бишкек, “Аэро Номад” авиакомпаниясы, дүйшөмбү, бейшемби күндөрү.